НУКЛЕОПРОТЕИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУКЛЕОПРОТЕИДДЕР (латынча пис1еи3 - ядро) - белоктор менен нуклеин кислоталарынан турган та­таал комплекстуү заттар. Алардын молекулалык салма­гы бир нече миңден миллионго чейин болот. Н. клетка ядросунун курамына кирип, белоктор­дун биосинтезинде генетикалык информацияны сактоо­до жана берүүдө чоң мааниге ээ. Нуклеин кислотасы­нын түрүнө жараша рибонуклеопротеиддер жана дезоксирибонуклеопротеиддер болуп бөлүнөт. Н. - оору козгогуч эң майда вирустардын кура­мынын негизги компоненти.