НОРВЕГДЕР
НОРВЕГДЕР,нордмен - түндүк герман элдери; Норвегиянын жергиликтүү калкы. Жалпы саны 5 миллион киши, анын ичинде 4,1 млну Норвегияда (2012). 0. эле Швеция, Дания, Европанын башка мамлекеттеринде, АКШ, Канада жана Австралияда да жашашат. Норвег тилинде сүйлөйт. Динге ишенгендери - лютерандар. Н. боюнун бийикт. менен айырмаланат. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягында Скандинавиядан келген герман урууларынын тукумдары деп божомолдонот. Айрым тарыхый маалыматтарда биздин замандын 1-миң жылдыгынын ортосунда Норвегияны ругии, ауганд, грани, раум, ранрики, халейг жана тренд уруулары мекендеген. 10-11-к-да Н-дин алгачкы феод. мамлекети пайда болгон. Н. викингдер доорунун убагында шотланддар менен ассимиляцияланган. 14-19-к-да Норвегия Дания экспанциясынын объектисине айланып, 1380-жылдагы уния боюнча Н. Данияга экономикалык жана саясий жактан көз

каранды болуп, бардык иш кагаздар дан тилинде жүргүзүлгөн. 1814-1905-жылы Н. Швеция униясына кирген. 1905-жылы уния күчүн жоготуп, Н. көз карандысыздыкка жетишкен. 19-к-да көз карандысыздык үчүн күрөш процессинде норвег улуту калыптанган. Н. мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. Учурда Ндин көпчүлүгү шаарда жашап, ө. ж-да иштешет. Салттуу кийими - бунаддын 200дөй жергиликтүү үлгүлөрү бар. Заманбап бунад - Н-дин майрамдык кийими болуп эсептелет. Аялдар бунады - ак көйнөк, юбка, лиф, чепчик же косынка, кара жүн байпак, туфли жана кооздукбуюмдар; эркектер бунады - тик жакалуу ак көйнөк, саймаланган күрмө, ыштан, тизеге чейин жеткен, саймаланган жүн носки, кара туфли. Тамакашы - негизинен балык азыктары, ботко. Суусундук катары сыраны пайдаланышат.
Норвегиядагы кеңири таралган майрамдар - Рождество, масленица, пасха жана Ыйык Ханса (23-июндан 24унө караган түнү өткөрулөт).