НОРВЕГДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРВЕГДЕР,нордмен - түндүк герман элде­ри; Норвегиянын жергиликтүү калкы. Жалпы саны 5 миллион киши, анын ичинде 4,1 млну Норвегияда (2012). 0. эле Швеция, Дания, Европанын башка мам­лекеттеринде, АКШ, Канада жана Австралияда да жашашат. Норвег тилинде сүйлөйт. Динге ишенгендери - лютерандар. Н. боюнун бийикт. менен айырмаланат. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягында Скандинавиядан келген герман уруу­ларынын тукумдары деп божомолдонот. Айрым тарыхый маалыматтарда биздин замандын 1-миң жылдыгы­нын ортосунда Норвегияны ругии, ауганд, гра­ни, раум, ранрики, халейг жана тренд уруулары мекендеген. 10-11-к-да Н-дин алгачкы феод. мамлекети пайда болгон. Н. викингдер доору­нун убагында шотланддар менен ассимиляциялан­ган. 14-19-к-да Норвегия Дания экспанциясы­нын объектисине айланып, 1380-жылдагы уния боюнча Н. Данияга экономикалык жана саясий жактан көз

каранды болуп, бардык иш кагаздар дан тилин­де жүргүзүлгөн. 1814-1905-жылы Н. Швеция уния­сына кирген. 1905-жылы уния күчүн жоготуп, Н. көз карандысыздыкка жетишкен. 19-к-да көз карандысыздык үчүн күрөш процессинде норвег улуту калыптанган. Н. мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. Учурда Н­дин көпчүлүгү шаарда жашап, ө. ж-да иштешет. Салттуу кийими - бунаддын 200дөй жергиликтүү үл­гүлөрү бар. Заманбап бунад - Н-дин майрам­дык кийими болуп эсептелет. Аялдар бунады - ак көйнөк, юбка, лиф, чепчик же косынка, кара жүн байпак, туфли жана кооздук­буюмдар; эр­кектер бунады - тик жакалуу ак көйнөк, сай­маланган күрмө, ыштан, тизеге чейин жеткен, саймаланган жүн носки, кара туфли. Тамак­ашы - негизинен балык азыктары, ботко. Суу­сундук катары сыраны пайдаланышат.

Норве­гиядагы кеңири таралган майрамдар - Рождест­во, масленица, пасха жана Ыйык Ханса (23-июн­дан 24унө караган түнү өткөрулөт).