НИЯЗОВ Мирослав Жумабекович
НИЯЗОВ Мирослав Жумабекович (8. 9. 1951- жылы туулган, Чүй обл., Москва району, Ак-Суу айылы) - генерал-майор (1996).-1974-жылы ФПИни бүткөн. 1974-76-ж. Фрунзедеги В. И. Ленин атындагы заводдо мастер, улук мастер, 1976- 82-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук

комитетинде бөлүмчөнүн оперуполномочени, 1982-83-ж. улук оперуполномочени, 1983-85-ж. бөлүмдүн начальнигинин орун басары, 1985-86-ж. начальниги, 1986-87-ж. улук инспектор, 1987-89-ж. бөлүм начальнигинин орун басары, 1989-91-ж. начальниги, 1991-96-ж. КР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жалал-Абад обл. боюнча башкармалыгынын начальниги, КР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1996-97-ж. КР Улуттук коопсуздук министринин орун басары, 2001— 05-ж. Тажикстан Респ-ндагы КРдин ыйгарым укуктуу элчиси, 2005-жылы апрель айынан 2005-жылы 24-март окуясын тергөө боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, 2005-06-ж. КР Коопсуздук Советинин секретары, 2008-жылы коомдук парламенттин мүчөсү, 2010-жылдан КР Конституциялык кеңешинин мүчөсү.