НИЯЗОВ Мирослав Жумабекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЯЗОВ Мирослав Жумабекович (8. 9. 1951- жылы туулган, Чүй обл., Москва району, Ак-Суу айылы) - генерал-майор (1996).-1974-жылы ФПИни бүткөн. 1974-76-ж. Фрунзедеги В. И. Ленин атындагы заводдо мастер, улук мастер, 1976- 82-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук

комитетинде бөлүм­чөнүн оперуполномочени, 1982-83-ж. улук оперупол­номочени, 1983-85-ж. бөлүм­дүн начальнигинин орун ба­сары, 1985-86-ж. начальни­ги, 1986-87-ж. улук инспек­тор, 1987-89-ж. бөлүм на­чальнигинин орун басары, 1989-91-ж. начальниги, 1991-96-ж. КР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жа­лал-Абад обл. боюнча башкармалыгынын началь­ниги, КР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрага­сынын орун басары, 1996-97-ж. КР Улуттук коопсуздук министринин орун басары, 2001— 05-ж. Тажикстан Респ-ндагы КРдин ыйгарым укуктуу элчиси, 2005-жылы апрель айынан 2005-жылы 24-март окуясын тергөө боюнча мамлекеттик ко­миссиянын башчысы, 2005-06-ж. КР Коопсуз­дук Советинин секретары, 2008-жылы коомдук пар­ламенттин мүчөсү, 2010-жылдан КР Конститу­циялык кеңешинин мүчөсү.