НИЦЦА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЦЦА - Франциянын түштүк-чыгышындагы порт шаар. Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Деңиз жээги Альп департаменти­нин администрациялык борбору. Калкы 331,0 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Климаттык курорт. Кү­нөстүү Жээк (Ривьера) курорт зонасындагы ту­ризмдин борбору. Жеңил, тамак-аш ө. ж. иш­каналары иштейт. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн. Университет бар. Көркөм сүрөт, фр. сүрөтчүлөр А. Ме­тисстин жана М. Щагалдын музейлери бар.