НИЦЦА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НИЦЦА - Франциянын түштүк-чыгышындагы порт шаар. Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Деңиз жээги Альп департаментинин администрациялык борбору. Калкы 331,0 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Климаттык курорт. Күнөстүү Жээк (Ривьера) курорт зонасындагы туризмдин борбору. Жеңил, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн. Университет бар. Көркөм сүрөт, фр. сүрөтчүлөр А. Метисстин жана М. Щагалдын музейлери бар.