География:КАШКАСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАСУУ МӨҢГҮСҮ — Иле Алатоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 4,2 км2. Чоң Кемин суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 3620 м бийиктикте жатат. Азыркы мезгилде мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Кашкасуу суусу (Чоң Кеминдин оң куймасы) башталат.