География:КАШКАСУУ МӨҢГҮСҮ
— Тескей Алатоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 3,6 км2. Тарагай суусунун (Нарындын куймасы) алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 4560 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн Кашкасуу суусу башталып, Тарагайга сол тараптан куят.