НЕСТОРИАНЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕСТОРИАНЧЫЛЫК - 5-к-да Византияда пай­да болгон христиан дининдеги агым. Анын не­гиздөөчүсү Константинополдун патриархы (428- 31) Несторий болуп эсептелет. Анын көз кара­шы өзү окуган Антиохия (Сирия) диний мек­тебинин жана окутуучулары Тарсиялык Диодор менен Мопсуэстиялык Феодордун таасиринде калыптанган. Н. боюнча Кудай менен Адамдын (Христ) же эки жаратылыштын бир бүтүндүгү, башкача айтканда Иисус туулгандан катардагы эле адам бол­со, чокунуп жана крестке асылып, кайра тирил­генден кийин Жараткандын уулу катары тааны­лат. Мындай көз карашты таратканы үчүн Эфес (3-дүйнөлүк) соборунда (431) Несторийге ересъ де­ген күнөө тагылып, соттолгон. Куугунтуктун күчөшүнө байланыштуу несториандар, анын жактоочулары адегенде Кичи Азия, андан О. Азиядагы Месопотамия Иранга, Кытайды көз­дөй ооп, жергиликтүү калкты Н-ка үгүттөшкөн.