НЕСТОРИАНЧЫЛЫК
НЕСТОРИАНЧЫЛЫК - 5-к-да Византияда пайда болгон христиан дининдеги агым. Анын негиздөөчүсү Константинополдун патриархы (428- 31) Несторий болуп эсептелет. Анын көз карашы өзү окуган Антиохия (Сирия) диний мектебинин жана окутуучулары Тарсиялык Диодор менен Мопсуэстиялык Феодордун таасиринде калыптанган. Н. боюнча Кудай менен Адамдын (Христ) же эки жаратылыштын бир бүтүндүгү, башкача айтканда Иисус туулгандан катардагы эле адам болсо, чокунуп жана крестке асылып, кайра тирилгенден кийин Жараткандын уулу катары таанылат. Мындай көз карашты таратканы үчүн Эфес (3-дүйнөлүк) соборунда (431) Несторийге ересъ деген күнөө тагылып, соттолгон. Куугунтуктун күчөшүнө байланыштуу несториандар, анын жактоочулары адегенде Кичи Азия, андан О. Азиядагы Месопотамия Иранга, Кытайды көздөй ооп, жергиликтүү калкты Н-ка үгүттөшкөн.