НАРЫН ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН ОБЛУСУ Кыргызстандын борбордук жана түштүк- чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Алгач Тянь-Шань облусу аталып, 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган. Кийин 1962-ж. 30-декабрда облус жоюлуп, респ­га баш ийип калган. 1970-ж. 11-декабрда На­рын обл. болуп кайрадан уюшулган. 1988-ж. 5- октябрда Ысык-Көл обл-на биригип, 1990-ж. 14- декабрда бөлүнүп, азыркы Нарын обл. кайра уюшулган. Чыгышынан Ысык-Көл, түндүгүнөн Чүй, батышынан Жалал-Абад жана Ош обл., түштүгүнөн Кытай менен чектешет. Аянты 45,2 миң км2 (Кыргызстандын аймагынын х/4 бөлүгү). Калкы 262,0 миң (2011; респ-нын калкынын 4,8% ин түзөт). Борбору - Нарын ш. Курамында 5 район (Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын), бир шаар (Нарын), 2 шаарча (Достук, Миң-Куш), 61 айыл округу, 134 кыштак бар.

Табияты. Облус рельефи татаал тоолуу аймак­та жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1000 ладен (Көкөме­рен, Нарын суулары кошулган жерде) 5982 жге чейинки (Какшаал тоо тизмегиндеги Данков чокусу) бийиктикте жатып, аймагынын 70% ке жакынын кырка тоолор ээлейт. Алардын ири­лери: Какшаал (Кыргызстан менен Кытайды чектеп жаткан эң узун тоо тизмеги), Ат-Башы, Нарын, Жетим-Тоо, Молдо-Тоо, Жумгал, Суусамыр. Кырка тоолордун басымдуу бийиктиктери 3000- 4000 м. Орогр. түзүлүшү кеңдик багытта жарыш созулган тоо кыркалары менен аларды бөлүп тур­ган тоо аралык өрөөндөрдөн турат. Эң ири өрөө­нү - Нарын. Аны түштүктөн Байбиче, Нарын, түндүктөн Кабак, Жетим тоолору курчап жа­тат. Бул кырка тоолор чыгышта бири-бирине жакындашып, Кичи жана Чоң Нарындын кошул­ган жеринде биригишет; ал эми батышты ка­рай Нарын өрөөнү Алабуганын чатына чейин кеңейе берет. Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо, Ак-Шый­рак кырка тоосунун, Ала-Мышык тоосунун кап­талдары тик, капчыгайлары чолок, ал эми оң жээгиндеги Жетим-Тоо, Нура, Боор-Албас, Ка­бак, Молдо-Тоо, Соңкөл тоолорунун беттери жантайыңкы, капчыгайлары узун, Молдо-Тоо батышта Көк-Ирим тоосунан Нарын д-нын кап­чыгайы менен бөлүнөтг Ак-Шыйрак (Чаар-Таш) кырка тоосу Нарын өрөөнүн экиге (Алабуга, То­гуз-Торого) бөлөт. Ат-Башы өрөөнүн түштүктөн Ат-Башы кырка тоосу, түндүктөн Нарын кыр­ка тоосу менен Байбиче-Тоо, батыштан Жаман­Тоо чектейт. Ат-Башы кырка тоосунун түш-

түгүндө Ак-Сай жана Чатыр-Көл өрөөндөрү, ба­тышта Арпа өрөөнү жайгашкан. Облустун тундүгүндө Кара-Жорго, Соңкөл, Кабак, Жум­гал тоолору, Жумгал жана Кочкор тоо аралык өрөөндөрү жайгашкан.

Облустун аймагы кенге бай. Анда кара, түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын, таш көмүрдүн, курулуш материалдарынын, химиялык сырьёлордун, асыл жана кооз таштардын кендери, ошондой эле жер астындагы суулардын бассейндери, ысык жана минералдуу суулардын булактары табылган. Көмүрдүн ири кендери Жумгал р-нундагы Ка­бак көмүр бассейнинде топтолгон. Эки-Суунун башатында жайгашкан Жетим темир кенташ бассейни - О. Азиядагы темир кенташтуу бир­ден бир бассейн. Сандык нефелиндүү сиенит кени, коргошун, цинк (Арсы, Ак-Таш-Коро, Кубакы, Ак-Көл), алтын (Солтон-Сары ж. б.) ж. б. кендер бар. Таш туздун ири кени Кочкор өрөөнүндө жайгашкан. Түрдүү курулуш мате­риалдарынын (чопо, кум, шагыл, майда шагыл, мрамор) кендери, ысык жана минералдуу суу бу­лактары көп.

Облустун климаты кескин континенттик. Кы­шы суук, узак, жайы салкын. Январдын орт. температурасы Кочкордо -10,1°С, Ак-Сайда -27,7°С , (эң төмөнкү температурасы-50°С; Ак-Сай өрөөнүндө, Чатыр-Көлдүн аймагында) катталган. Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө, Нарындын башында, Соң­көлдө кыш дайыма суук, жайы жылуу, бирок кыска болот. Нарын жана Жумгал өрөөндөрүнүн батышында вегетация мезгили 5 айга созулуп, эң жогорку температурасы 34°Ска чейин жетет. На­рын, Жумгал, Кочкор ойдуңдарында, Ат-Башы өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө июлдун орт. температура­сы 15°Ска жакын. Суусамыр өрөөнүндө январ­дыкы -22°С, июлдуку 13°С. Жылдык жаан-ча­чыны басымдуу бөлүгүндө 200-300 мм, тоолор­до арбыныраак жаайт. Кардын калыңдыгы На­рын, Жумгал өрөөндөрүндө 15-20 см. Арпа өрөө­нүндө 60 смге чейин; Кочкор өрөөнүндө катуу шамалдын таасиринен кар аз жаап, көпкө жат­пайт.

Мөңгүлөрү 4000 мден жогору жайгашкан. Жалпы аянты 500 гслг2ге жакын. Мөңгүлөрдүн көбү Какшаал тоо тизмегинен пайда болгон. Ирилери: Ак-Сай, Ай-Талаа, Орто-Таш (Мушке­тов), Петров, Наливкин ж. б. Облустун суула­ры Сыр-Дарыя, Тарим, Чүй д-нын жана Чатыр­Көлдүн алаптарына кирет. Ири дарыясы - На­рын. Анын облус аймагындагы уз. 400 кладен ашык. Ири куймалары: Чоң жана Кичи Нарын, Он-Арча, Ат-Башы, Алабуга, Көк-Ирим, Көкө­мерен. Чуй дарыясы Жоон-Арык жана Кочкор суу­ларынын кошулушунан пайда болот. Ак-Сай суусу (Мүдүрүм куймасы менен кошо) Таримдин алабына кирет. Ак-Сай менен Мүдүрүм кошулуп, Какшаал д-н түзөт. Суулары негизинен кар-мөңгү сууларынан куралат. Респ-нын гидроэнергия ресурстарынын ^Ди облустун сууларына таан­дык. Нарын жана анын куймаларынын жылына 36477 миллион кВт-с электр энергиясын берүү мүм­күнчүлүгү бар. Ири көлдөрү: Соңкөл, Чатыр-Көл.

Облустун аймагынын топурак-өсүмдүгү ар түрдүү. Тоо капталдарына бийиктик алкактуу­лук мүнөздүү. Тоонун чөл жана жарым чөл ал­кактары Кочкор, Жумгал, Ат-Башы өрөөндө­рүнүн тамандарын, тоо этектерин, Ак-Сай суу­сунун жээгиндеги талааларды, Чатыр-Көл өндү­рүнүн түзөң бөлүктөрүн ээлейт. Мындагы боз топурактуу жерлерде негизинен шыбак, айрым жерлерде бетеге, баялыш, эфемер, ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Көкөмерен, Кочкор жана Алабуга сууларынын жайылмаларын бадалдуу токой ээлейт. Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы, Кара-Кужур, Нарын, Соңкөл өрөөндөрүндөгү кыйла аянт тоонун талаа алка­гына кирет. Мындагы коңур жана ачык коңур топурактуу жерлерди бетеге, түктүү буудайык, доңуз сырты, шыбак жана эфемерлүү тоолуу та­лаа ээлейт. Өрөөндөрдү курчаган тоолордун кап­талдары субальп алкагына кирет. Тоолуу шал­баа топурактарында ар кыл чөптүү субальп шалбаасы өсүп, тоолордун түндүк капталдарында бадал жана карагайлуу токой кездешет. Кырка тоолордун эң бийик бөлүктөрүн альп алкагы ээлейт. Мында тоонун талаа топурактары та­ралган; түрдүү кыска чөптүү альп шалбаасы жана бетегелүү талаа басымдуу. Облустун айма­гынын 3%ин токой жана бадал ээлейт. Алар не­гизинен Нарын, Жумгал, Ат-Башы р-ндорунда таралып, ийне жалбырактуу (Ат-Башы, Кабак тоолорунун түндүк капталдарында) жана бадалдуу (Нарын, Көкөмерен, Алабуга, Ат-Башы, Кочкор сууларынын жээктеринде) токойлорго бөлүнөт.

Калкы. Облуста 2012-ж. респ-нын калкынын 4,8% и (262,1 миң) жашаган. Алардын 99,2% и кыргыздар, калгандары орус (0,1%), өзбек (0,2%) ж. б. улуттар. Респ-да калкы эң сейрек отурук­ташкан облус, анын калкынын орт. жыштыгы 1 км2жерге 5,6 адам (респ-да бул көрсөткүч 26

Нарын шаарынын чыга бериши.

адамды түзөт). Жумгал, Кочкор жана Нарын өрөөндөрүндө калк салыштырмалуу жышы­раак. Негизинен автомобиль жолдорунун жээ­гинде жана сууларды бойлой жайгашкан. Шаар калкы облустун калкынын 15%ин түзөт (39,4 миң адам).

Экономикасы. Облус респ-дагы бийик тоолуу, социалдык жана экономикалык жактан салыштырмалуу анча өнүкпөгөн аймак. Акыркы жылдарда об­луста рынок экономикасынын шарттарына ылайык менчиктин түрдүү формасындагы өндү­рүш жана тейлөө ишканалары пайда боло баш­тады. Облустун аймагында 1991-ж. атайын мый­зам менен респ-дагы биринчи Нарын эркин эконо­микалык аймагы (ЭЭА) түзүлгөн. Мында өндү­рүш жана тейлөө тармактарын өстүрүү үчүн чет өлкөлөрдүн каражаттары, ошондой эле дүйнөдөгү ал­дынкы өндүрүштүк технологияны пайдалануу­да көп жеңилдиктер (бажы акы, салык төлөө ж. б.) берилип, облустун экономикалык жана социалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Нарын ЭЭАда субъект катары 42 бир­гелешкен ишкана катталган. Алардын ичинен 18и ар түрдүү тармактарда иштешип, алтын кон­центратын этиленге каптоо, минералдуу суу чы­гаруу, а. ч. сырьёлорун, айрыкча жүндү жууп­тазалоо, ун тартуу, жашылча консервалоо ж. б. продукцияларды өндүрөт. Ишканалар Кытай, АКШ, Ливан, Кипр, Мальта, Болгария жана Рос­сия менен биргелешип уюшулган.

Облуста 2010-жылы 2133 ишкана, уюм жана мекемелер катталган (анын ичинде иштегендери 985). Бул ишканалар түрдүү менчикте болуп, эконо­микасынын дээрлик бардык тармактарына тие­шелүү. Жогоруда көрсөтүлгөн 3777 ишкананын 348 (иштегендери 258) мамлекеттик менчикке, 546 (377) муниципалдык жана 2883 (538) жеке менчикке таандык. Ишканалар (3777; иштегендери - 1218) түрлөрү боюнча 3220сы (877) чакан, 415и (244) орто жана 142си (97) ири ишкана, уюм, мекемелерге тиешелүү.

Ө. ж. ишканаларынын салыштырмалуу ири­лери: Ат-Башы ГЭСи, «Солтон-Сары» кени. Ө. ж-нын негизги тармактары: электр энерге­тика, отун ө. ж., тамак-аш, ун жана жем тартып чыгаруу, машина куруу. Ө. ж. тармактары чы­гарган негизги продукциялар: электр энер­гиясы (2010-ж. 146,5 миллион кВт-с ), көмүр (168,4 миңг), тигилүү кийимдер (500,2 миң сомдук), токулган кийимдер (1,2 миң даана), текстиль жана тигилүү кийимдер (1,8 миң даа­на), ун (24,7 миң т), минералдуу суулары (29,9 миң бөтөлкө).

Облустун жери бийик тоолуу аймак болгон­дуктан, а. ч. тармагы - мал багууга анын ичинде кой, жылкы жана топоз асыроого адистешкен. Дый­канчылык мал чарбасын тоют менен камсыздан­дырууга ылайыкташтырылып, арпа жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүп келген. Базар экономика­сынын шартына ылайык буудай, картөшкө, жашылча, май өсүмдүктөрдү өстүрүүгө көбүрөөк көңүл бурула баштады.

2010-ж. облуста 4 мамлекеттик, 417 коллективдүү чарба, 30 498 дыйкан (анын ичинде фермер) чарба жана 4 АК бар.

Айыл чарбага жарактуу жер 2768,5 миң га (жалпы аянттын 62,2% и), анын ичинде айдоо аянты 120,8 миң га, көп жылдык бак-дарактар 0,2 миң га (0,01%), кысыр аңыз 9,5 миң га (0,3%), ча­бынды 12,2 миң га, жайыт 2626,2 миң га бол­гон. Эгин аянты 95,6 миң га, анын 25,6 гасына (26,8%) дан, 5,5 миң гасына картөшкө (5,7%), 0,5 миң гасына жашылча (0,5%), 0,2 миң гасы­на май алынуучу (0,2%), 63,9 миң гасына тоют өсүмдүктөрү (66,8%) өстүрүлгөн. О б л у с т а 129,8 миң уй, 871,3 миң кой, эчки, 90,8 миң жылкы, 168,7 миң үй куштары болгон. Облус­та эл чарба жүктөрүн ташууда автомобиль транс­портунун мааниси зор. Ал аркылуу 2010-ж. 980,1 миң т жүк ташылып, жүргүнчү ташуу 168,7 миллион жүргүнчү-километрди (1,3%) түзгөн.

Бишкек - Торугат автомобиль жолунун Нарын облу­сундагы бир бөлүгү.

Негизги автомобиль жолдору: Бишкек - Балык­чы - Нарын - Торугарт - Кашкар (Кытай), Ба­лыкчы - Кочкор - Чаек - Тунук (Суусамыр өрөөнү); Нарын - Куланак - Баетов - Кош-Дөбө; Нарын - Казарман - Көгарт - Жалал-Абад ж. б. 1994-ж. облустун борбору - Нарын ш-нда трол­лейбус линиясы курулган. Нарын ш. аба жолу аркылуу Бишкек, Каракол, Жалал-Абад ж. б. шаарлар менен байланышат.

Маданий турмушу. Облуста 2010/11-окуу жы­лында жалпы билим берүүчү 139 жана сабактар­ды тереңдетип окуткан 14 мектеп, бир гимна­зия жана Кыргыз-Түрк жана обл. мектеп лицейле­ри иштейт, НМУ бар.

Облуста улуттук госпиталь, 6 үй-бүлөлүк ме­дицина борбору, чоңдор үчүн 2 шаардык, 4 ра­йондук оорукана, стоматол. поликлиника, 82 ФАП, 5 санитария-эпидемиол. көзөмөлдөө стан­циясы (СЭМ), кургак учукка каршы диспансер, 49 үй-бүлөлүк врачтар тобу, Кочкор р-нунда «Чоң-Туз» спелеосанаторийи иштейт.

Облустук администрация имараты.

1991-жылдан Нарын радиосу 1-программада жумасына 4 жолу эфирге чыгат. Облустун «На­рын-ТВ» телестудиясы 1993-жылдын 1-фев­ралынан иштейт. Жумасына бир жолу жекшем­би күнү 4-5 саат көрсөтүүлөрдү уюштурат. 1996- жылдан «Аян» эркин телестудиясы көрсөтөт.

Облуста 127 китепкана (980,8 миң нуска ки­теби бар), обл. музыкалык драма театры (Нарын ш­нда), маданият үйү жана клубдук мекемелер, ошондой эле 5 мамлекеттик, 2 мектеп музейи бар. Обл. «Теңир-Тоо» (1938-жылдан), 5 райондук жана эркин гезит чы­гат. Облустун аймагында Кошой-Коргон шаар чалдыбары (7-8-к.), Таш-Рабат Кербен сарайы (10-15-к.), Шырдакбектин чебинин (10-12-к.) урандылары, Тайлак баатырдын күмбөзү (19-к.), таш доорундагы тургун жай (Он-Арча) ж. б. тарыхый эстеликтер бар.