НАРЫН ОБЛУСУ
НАРЫН ОБЛУСУ Кыргызстандын борбордук жана түштүк- чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Алгач Тянь-Шань облусу аталып, 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган. Кийин 1962-ж. 30-декабрда облус жоюлуп, респга баш ийип калган. 1970-ж. 11-декабрда Нарын обл. болуп кайрадан уюшулган. 1988-ж. 5- октябрда Ысык-Көл обл-на биригип, 1990-ж. 14- декабрда бөлүнүп, азыркы Нарын обл. кайра уюшулган. Чыгышынан Ысык-Көл, түндүгүнөн Чүй, батышынан Жалал-Абад жана Ош обл., түштүгүнөн Кытай менен чектешет. Аянты 45,2 миң км2 (Кыргызстандын аймагынын х/4 бөлүгү). Калкы 262,0 миң (2011; респ-нын калкынын 4,8% ин түзөт). Борбору - Нарын ш. Курамында 5 район (Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын), бир шаар (Нарын), 2 шаарча (Достук, Миң-Куш), 61 айыл округу, 134 кыштак бар.
Табияты. Облус рельефи татаал тоолуу аймакта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1000 ладен (Көкөмерен, Нарын суулары кошулган жерде) 5982 жге чейинки (Какшаал тоо тизмегиндеги Данков чокусу) бийиктикте жатып, аймагынын 70% ке жакынын кырка тоолор ээлейт. Алардын ирилери: Какшаал (Кыргызстан менен Кытайды чектеп жаткан эң узун тоо тизмеги), Ат-Башы, Нарын, Жетим-Тоо, Молдо-Тоо, Жумгал, Суусамыр. Кырка тоолордун басымдуу бийиктиктери 3000- 4000 м. Орогр. түзүлүшү кеңдик багытта жарыш созулган тоо кыркалары менен аларды бөлүп турган тоо аралык өрөөндөрдөн турат. Эң ири өрөөнү - Нарын. Аны түштүктөн Байбиче, Нарын, түндүктөн Кабак, Жетим тоолору курчап жатат. Бул кырка тоолор чыгышта бири-бирине жакындашып, Кичи жана Чоң Нарындын кошулган жеринде биригишет; ал эми батышты карай Нарын өрөөнү Алабуганын чатына чейин кеңейе берет. Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо, Ак-Шыйрак кырка тоосунун, Ала-Мышык тоосунун капталдары тик, капчыгайлары чолок, ал эми оң жээгиндеги Жетим-Тоо, Нура, Боор-Албас, Кабак, Молдо-Тоо, Соңкөл тоолорунун беттери жантайыңкы, капчыгайлары узун, Молдо-Тоо батышта Көк-Ирим тоосунан Нарын д-нын капчыгайы менен бөлүнөтг Ак-Шыйрак (Чаар-Таш) кырка тоосу Нарын өрөөнүн экиге (Алабуга, Тогуз-Торого) бөлөт. Ат-Башы өрөөнүн түштүктөн Ат-Башы кырка тоосу, түндүктөн Нарын кырка тоосу менен Байбиче-Тоо, батыштан ЖаманТоо чектейт. Ат-Башы кырка тоосунун түш-

түгүндө Ак-Сай жана Чатыр-Көл өрөөндөрү, батышта Арпа өрөөнү жайгашкан. Облустун тундүгүндө Кара-Жорго, Соңкөл, Кабак, Жумгал тоолору, Жумгал жана Кочкор тоо аралык өрөөндөрү жайгашкан.
Облустун аймагы кенге бай. Анда кара, түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын, таш көмүрдүн, курулуш материалдарынын, химиялык сырьёлордун, асыл жана кооз таштардын кендери, ошондой эле жер астындагы суулардын бассейндери, ысык жана минералдуу суулардын булактары табылган. Көмүрдүн ири кендери Жумгал р-нундагы Кабак көмүр бассейнинде топтолгон. Эки-Суунун башатында жайгашкан Жетим темир кенташ бассейни - О. Азиядагы темир кенташтуу бирден бир бассейн. Сандык нефелиндүү сиенит кени, коргошун, цинк (Арсы, Ак-Таш-Коро, Кубакы, Ак-Көл), алтын (Солтон-Сары ж. б.) ж. б. кендер бар. Таш туздун ири кени Кочкор өрөөнүндө жайгашкан. Түрдүү курулуш материалдарынын (чопо, кум, шагыл, майда шагыл, мрамор) кендери, ысык жана минералдуу суу булактары көп.
Облустун климаты кескин континенттик. Кышы суук, узак, жайы салкын. Январдын орт. температурасы Кочкордо -10,1°С, Ак-Сайда -27,7°С , (эң төмөнкү температурасы-50°С; Ак-Сай өрөөнүндө, Чатыр-Көлдүн аймагында) катталган. Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө, Нарындын башында, Соңкөлдө кыш дайыма суук, жайы жылуу, бирок кыска болот. Нарын жана Жумгал өрөөндөрүнүн батышында вегетация мезгили 5 айга созулуп, эң жогорку температурасы 34°Ска чейин жетет. Нарын, Жумгал, Кочкор ойдуңдарында, Ат-Башы өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө июлдун орт. температурасы 15°Ска жакын. Суусамыр өрөөнүндө январдыкы -22°С, июлдуку 13°С. Жылдык жаан-чачыны басымдуу бөлүгүндө 200-300 мм, тоолордо арбыныраак жаайт. Кардын калыңдыгы Нарын, Жумгал өрөөндөрүндө 15-20 см. Арпа өрөөнүндө 60 смге чейин; Кочкор өрөөнүндө катуу шамалдын таасиринен кар аз жаап, көпкө жатпайт.
Мөңгүлөрү 4000 мден жогору жайгашкан. Жалпы аянты 500 гслг2ге жакын. Мөңгүлөрдүн көбү Какшаал тоо тизмегинен пайда болгон. Ирилери: Ак-Сай, Ай-Талаа, Орто-Таш (Мушкетов), Петров, Наливкин ж. б. Облустун суулары Сыр-Дарыя, Тарим, Чүй д-нын жана ЧатырКөлдүн алаптарына кирет. Ири дарыясы - Нарын. Анын облус аймагындагы уз. 400 кладен ашык. Ири куймалары: Чоң жана Кичи Нарын, Он-Арча, Ат-Башы, Алабуга, Көк-Ирим, Көкөмерен. Чуй дарыясы Жоон-Арык жана Кочкор сууларынын кошулушунан пайда болот. Ак-Сай суусу (Мүдүрүм куймасы менен кошо) Таримдин алабына кирет. Ак-Сай менен Мүдүрүм кошулуп, Какшаал д-н түзөт. Суулары негизинен кар-мөңгү сууларынан куралат. Респ-нын гидроэнергия ресурстарынын ^Ди облустун сууларына таандык. Нарын жана анын куймаларынын жылына 36477 миллион кВт-с электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү бар. Ири көлдөрү: Соңкөл, Чатыр-Көл.
Облустун аймагынын топурак-өсүмдүгү ар түрдүү. Тоо капталдарына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Тоонун чөл жана жарым чөл алкактары Кочкор, Жумгал, Ат-Башы өрөөндөрүнүн тамандарын, тоо этектерин, Ак-Сай суусунун жээгиндеги талааларды, Чатыр-Көл өндүрүнүн түзөң бөлүктөрүн ээлейт. Мындагы боз топурактуу жерлерде негизинен шыбак, айрым жерлерде бетеге, баялыш, эфемер, ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Көкөмерен, Кочкор жана Алабуга сууларынын жайылмаларын бадалдуу токой ээлейт. Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы, Кара-Кужур, Нарын, Соңкөл өрөөндөрүндөгү кыйла аянт тоонун талаа алкагына кирет. Мындагы коңур жана ачык коңур топурактуу жерлерди бетеге, түктүү буудайык, доңуз сырты, шыбак жана эфемерлүү тоолуу талаа ээлейт. Өрөөндөрдү курчаган тоолордун капталдары субальп алкагына кирет. Тоолуу шалбаа топурактарында ар кыл чөптүү субальп шалбаасы өсүп, тоолордун түндүк капталдарында бадал жана карагайлуу токой кездешет. Кырка тоолордун эң бийик бөлүктөрүн альп алкагы ээлейт. Мында тоонун талаа топурактары таралган; түрдүү кыска чөптүү альп шалбаасы жана бетегелүү талаа басымдуу. Облустун аймагынын 3%ин токой жана бадал ээлейт. Алар негизинен Нарын, Жумгал, Ат-Башы р-ндорунда таралып, ийне жалбырактуу (Ат-Башы, Кабак тоолорунун түндүк капталдарында) жана бадалдуу (Нарын, Көкөмерен, Алабуга, Ат-Башы, Кочкор сууларынын жээктеринде) токойлорго бөлүнөт.
Калкы. Облуста 2012-ж. респ-нын калкынын 4,8% и (262,1 миң) жашаган. Алардын 99,2% и кыргыздар, калгандары орус (0,1%), өзбек (0,2%) ж. б. улуттар. Респ-да калкы эң сейрек отурукташкан облус, анын калкынын орт. жыштыгы 1 км2жерге 5,6 адам (респ-да бул көрсөткүч 26
адамды түзөт). Жумгал, Кочкор жана Нарын өрөөндөрүндө калк салыштырмалуу жышыраак. Негизинен автомобиль жолдорунун жээгинде жана сууларды бойлой жайгашкан. Шаар калкы облустун калкынын 15%ин түзөт (39,4 миң адам).
Экономикасы. Облус респ-дагы бийик тоолуу, социалдык жана экономикалык жактан салыштырмалуу анча өнүкпөгөн аймак. Акыркы жылдарда облуста рынок экономикасынын шарттарына ылайык менчиктин түрдүү формасындагы өндүрүш жана тейлөө ишканалары пайда боло баштады. Облустун аймагында 1991-ж. атайын мыйзам менен респ-дагы биринчи Нарын эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) түзүлгөн. Мында өндүрүш жана тейлөө тармактарын өстүрүү үчүн чет өлкөлөрдүн каражаттары, ошондой эле дүйнөдөгү алдынкы өндүрүштүк технологияны пайдаланууда көп жеңилдиктер (бажы акы, салык төлөө ж. б.) берилип, облустун экономикалык жана социалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Нарын ЭЭАда субъект катары 42 биргелешкен ишкана катталган. Алардын ичинен 18и ар түрдүү тармактарда иштешип, алтын концентратын этиленге каптоо, минералдуу суу чыгаруу, а. ч. сырьёлорун, айрыкча жүндү жууптазалоо, ун тартуу, жашылча консервалоо ж. б. продукцияларды өндүрөт. Ишканалар Кытай, АКШ, Ливан, Кипр, Мальта, Болгария жана Россия менен биргелешип уюшулган.
Облуста 2010-жылы 2133 ишкана, уюм жана мекемелер катталган (анын ичинде иштегендери 985). Бул ишканалар түрдүү менчикте болуп, экономикасынын дээрлик бардык тармактарына тиешелүү. Жогоруда көрсөтүлгөн 3777 ишкананын 348 (иштегендери 258) мамлекеттик менчикке, 546 (377) муниципалдык жана 2883 (538) жеке менчикке таандык. Ишканалар (3777; иштегендери - 1218) түрлөрү боюнча 3220сы (877) чакан, 415и (244) орто жана 142си (97) ири ишкана, уюм, мекемелерге тиешелүү.
Ө. ж. ишканаларынын салыштырмалуу ирилери: Ат-Башы ГЭСи, «Солтон-Сары» кени. Ө. ж-нын негизги тармактары: электр энергетика, отун ө. ж., тамак-аш, ун жана жем тартып чыгаруу, машина куруу. Ө. ж. тармактары чыгарган негизги продукциялар: электр энергиясы (2010-ж. 146,5 миллион кВт-с ), көмүр (168,4 миңг), тигилүү кийимдер (500,2 миң сомдук), токулган кийимдер (1,2 миң даана), текстиль жана тигилүү кийимдер (1,8 миң даана), ун (24,7 миң т), минералдуу суулары (29,9 миң бөтөлкө).
Облустун жери бийик тоолуу аймак болгондуктан, а. ч. тармагы - мал багууга анын ичинде кой, жылкы жана топоз асыроого адистешкен. Дыйканчылык мал чарбасын тоют менен камсыздандырууга ылайыкташтырылып, арпа жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүп келген. Базар экономикасынын шартына ылайык буудай, картөшкө, жашылча, май өсүмдүктөрдү өстүрүүгө көбүрөөк көңүл бурула баштады.
2010-ж. облуста 4 мамлекеттик, 417 коллективдүү чарба, 30 498 дыйкан (анын ичинде фермер) чарба жана 4 АК бар.
Айыл чарбага жарактуу жер 2768,5 миң га (жалпы аянттын 62,2% и), анын ичинде айдоо аянты 120,8 миң га, көп жылдык бак-дарактар 0,2 миң га (0,01%), кысыр аңыз 9,5 миң га (0,3%), чабынды 12,2 миң га, жайыт 2626,2 миң га болгон. Эгин аянты 95,6 миң га, анын 25,6 гасына (26,8%) дан, 5,5 миң гасына картөшкө (5,7%), 0,5 миң гасына жашылча (0,5%), 0,2 миң гасына май алынуучу (0,2%), 63,9 миң гасына тоют өсүмдүктөрү (66,8%) өстүрүлгөн. О б л у с т а 129,8 миң уй, 871,3 миң кой, эчки, 90,8 миң жылкы, 168,7 миң үй куштары болгон. Облуста эл чарба жүктөрүн ташууда автомобиль транспортунун мааниси зор. Ал аркылуу 2010-ж. 980,1 миң т жүк ташылып, жүргүнчү ташуу 168,7 миллион жүргүнчү-километрди (1,3%) түзгөн.
Негизги автомобиль жолдору: Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт - Кашкар (Кытай), Балыкчы - Кочкор - Чаек - Тунук (Суусамыр өрөөнү); Нарын - Куланак - Баетов - Кош-Дөбө; Нарын - Казарман - Көгарт - Жалал-Абад ж. б. 1994-ж. облустун борбору - Нарын ш-нда троллейбус линиясы курулган. Нарын ш. аба жолу аркылуу Бишкек, Каракол, Жалал-Абад ж. б. шаарлар менен байланышат.
Маданий турмушу. Облуста 2010/11-окуу жылында жалпы билим берүүчү 139 жана сабактарды тереңдетип окуткан 14 мектеп, бир гимназия жана Кыргыз-Түрк жана обл. мектеп лицейлери иштейт, НМУ бар.
Облуста улуттук госпиталь, 6 үй-бүлөлүк медицина борбору, чоңдор үчүн 2 шаардык, 4 райондук оорукана, стоматол. поликлиника, 82 ФАП, 5 санитария-эпидемиол. көзөмөлдөө станциясы (СЭМ), кургак учукка каршы диспансер, 49 үй-бүлөлүк врачтар тобу, Кочкор р-нунда «Чоң-Туз» спелеосанаторийи иштейт.
1991-жылдан Нарын радиосу 1-программада жумасына 4 жолу эфирге чыгат. Облустун «Нарын-ТВ» телестудиясы 1993-жылдын 1-февралынан иштейт. Жумасына бир жолу жекшемби күнү 4-5 саат көрсөтүүлөрдү уюштурат. 1996- жылдан «Аян» эркин телестудиясы көрсөтөт.
Облуста 127 китепкана (980,8 миң нуска китеби бар), обл. музыкалык драма театры (Нарын шнда), маданият үйү жана клубдук мекемелер, ошондой эле 5 мамлекеттик, 2 мектеп музейи бар. Обл. «Теңир-Тоо» (1938-жылдан), 5 райондук жана эркин гезит чыгат. Облустун аймагында Кошой-Коргон шаар чалдыбары (7-8-к.), Таш-Рабат Кербен сарайы (10-15-к.), Шырдакбектин чебинин (10-12-к.) урандылары, Тайлак баатырдын күмбөзү (19-к.), таш доорундагы тургун жай (Он-Арча) ж. б. тарыхый эстеликтер бар.


