НАНДУ СЫМАЛДАР
НАНДУ СЫМАЛДАР, америка төө кушт а р ы (ВЬеИогтез) - кыр төшсүз куштар түркүмү. Бразилияда жогорку плиоценден белгилүү. Буту үч манжалуу. Канаты жакшы өрчүгөн, бирок уча албайт. Жүнү көпшөк. Жакшы чуркайт жана сууда сүзөт. Алардын 1 тукуму, 2 түрү бар: кадимки нанду (бийикт. 170 смте, салмагы 25 кгга жеткен) жана узун тумшук нанду. Түштүк Американын пампастарында жана жарым чөлдөрүндө таралган. Полигамдар, бир үйүрдөгү 3-8 ургаачылары бир. уяга 30 жана ан-

дан да көп жумуртка таштайт. Жумурткасын эркеги 35-40 күн басып чыгарып, балапандарын ээрчитип жүрөт. Н. с.
Узун тумшук нанду
жалбырак, жаш бутак, майда омурткасыздар менен азыктанат. Эти, жүнү, жумурткасы үчүн аңчылык кылгандыктан, саны азайып кеткен. Узун тумшук нандунун түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.