НАНДУ СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАНДУ СЫМАЛДАР, америка төө куш­т а р ы (ВЬеИогтез) - кыр төшсүз куштар түркүмү. Бразилияда жогорку плиоценден бел­гилүү. Буту үч манжалуу. Канаты жакшы өрчүгөн, бирок уча албайт. Жүнү көпшөк. Жак­шы чуркайт жана сууда сүзөт. Алардын 1 туку­му, 2 түрү бар: кадимки нанду (бийикт. 170 смте, салмагы 25 кгга жеткен) жана узун тумшук нан­ду. Түштүк Американын пампастарында жана жа­рым чөлдөрүндө таралган. Полигамдар, бир үйүрдөгү 3-8 ургаачылары бир. уяга 30 жана ан-

дан да көп жумур­тка таштайт. Жу­мурткасын эркеги 35-40 күн басып чыгарып, бала­пандарын ээрчи­тип жүрөт. Н. с.

Узун тумшук нанду

жалбырак, жаш бутак, майда омурткасыздар менен азыктанат. Эти, жүнү, жумурткасы үчүн аңчылык кылгандыктан, саны азайып кеткен. Узун тумшук нандунун түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.