МУЗЫКАЛЫК УГУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК УГУМ - музыкалык добуштардын ,ай­рым дабыштарын кабылдоо, алардын ортосун­дагы функциялык байланыштарды туюу жөн­дөмү. Музыкалык угумдун төмөнкүдөй түрлөрү бар: абсолюттук - музыкалык добуштардын (до, ре, ми жана башкалар) абсолюттук бийик­тигин аныктай алуу; салыштырмалуу - добуш­тардын, интервалдардын ортосундагы добуш­тук-бийиктик катнаштарды аныктоо; ички - айрым добуштарды жана бүтүндөй музыкалык пьесаны көңүлдө элестетүү жөндөмү. Музыкалык угум музыкалык билим алуу процессинде, тактап айтканда, солъфеджио­ну үйрөнүү менен өнүктүрүлөт.