МУЗЫКАЛЫК КОМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК КОМЕДИЯ - күлкүлүү мүнөздөгү музыкалык-сахналык чыгарма. Музыкалык комедия түшүнүгү опера­-буффа, оперетта, комедиялык опера, комедия­-балет, зингшпиль, водевилъ, тонадилья жана мю­зикл сыяктуу музыкалык-сахналык жанрларды мүнөз­дөөдө да колдонулат. Музыкалык комедия өз алдынча жанр катары XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында калыптанган. Опереттадан айырмаланып, Музыкалык комедияда жөнөкөй ыр, элдик бий жанрларын ке­ңири пайдалануу мүнөздүү.