МОҢГОЛДОР
МОҢГОЛДОР - Моңгол Республикасынын жергиликтүү калкы; Моңгол Республикасында (ойрот, халха), Кытай Эл Республикасында (баоань, дунсян, даурлар, барга, монгорлор жана башкалар),
Афганстанда (моголдор) жана Россиядагы (буряттар, калмактар) моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдердин тобу. Жалпы саны Кытайда 6,9 миллион (2000), Моңголияда 2,5 миллион (2010), Россияда 0,6 миллион (2010) жана Афганстанда бир нече миң киши жашайт. Моңгол тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери ламаизмди тутат. Моңголдордун этностук негизин тунгус-манжур жана түрк уруулары менен ассимиляцияланган протомоңголдорго таандык дунху, сяньби, хи жана шивэйлер түзүшү мүмкүн (байыркы кытай тарыхый булактары боюнча). Моңголдор этноними алгач VII-X кылымдарда кытай хроникаларында мэн-гу, мэн-ва, мэн-гу-ли деген ат менен эскерилет. XIII кылымда Чыңгыз хан моңгол урууларын жана хандыктарын зордук менен баш коштуруп, бирдиктүү моңгол мамлекетин кураган соң, моңгол эли калыптанган. Моңголдор XV кылымда батыш жана чыгыш топторго, ал эми XV кылымда чыгышы түндүк, түштүк деп бөлүнгөн. Түндүк моңголдор XVI кылымдан Моңгол Республикасынын аймагына отурукташып, халха (учурда калктын 80%ын түзөт) деп аталышкан. Түштүк моңголдор Ички Моңголиянын райондоруна жайгашып, Кытай Эл Республикасынын моңголдорунун курамына кирген. Батыш моңголдор (ойроттор) XVII-XVIII кылымдардын ортосунда Жуңгар хандыгын түзгөн; алардын тукумдары Кытай Эл Республикасы жана Россия калмактарынын, Моңгол Республикасындагы моңголдордун курамына кошулган. Моңгол элдик революциясынан (1921) кийин өнөр жай жана маданияты өнүгүп, улуттук интеллигенциясы калыптанган. 1990-жылдан кийин моңголдор рынок экономикасына өтүшкөн. Моңголдор көчмөн мал чарбачылык менен кесиптенишип, тегерек жана чарчы пландагы боз үйлөрдө жашаган. Улуттук кийимдери - халат сымал бычылып, жайкысын жука кездемеден, кышкысын жүндөн же териден астарланып, шырылып тигилет. Халат солдон оңго кымтыланып, жакасына жана оң капталына бүчүлөнүп, жибек кур курчалат. Халаттын ичинен көйнөк, ыштан, майрам күндөрү жеңсиз жибек бешмант кийишет. Эркектер бел кур (бычак, оттук таш,

тамеки салгыч), аялдар кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы - негизинен эт, сүт, дан, балык азыктары. Суусундук катары - сүттүү чай (кээде туз татытылат), айран, кымыз кеңири колдонулат.