МОҢГОЛДОР
МОҢГОЛДОР - Моңгол Респ-нын жергиликтүү калкы; Моңгол Респ-нда (ойрот, халха), КЭРде (баоань, дунсян, даурлар, барга, монгорлор ж. б.), Афганстанда (моголдор) жана Россиядагы (буряттар, калмактар) моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдердин тобу. Жалпы саны Кытайда 6,9 миллион (2000), Моңголияда 2,5 миллион (2010), Россияда 0,6 миллион (2010) жана Афганстанда бир нече миң киши жашайт. Моңгол тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери ламаизмди тутат. М-дун этностук негизин тунгус-манжур жана түрк уруулары менен ассимиляцияланган протомоңголдорго таандык дунху, сяньби, хи жана шивэйлер түзүшү мүмкүн (байыркы кытай тарыхый булактары боюнча). М. этноними алгач 7-10-к-да кытай хроникаларында мэн-гу, мэн-ва, мэн-гу-ли деген ат менен эскерилет. 13-к-да Чыңгызхан моңгол урууларын жана хандыктарын зордук менен баш коштуруп, бирдиктүү моңгол мамлекетин кураган соң, моңгол эли калыптанган. М. 15-к-да батыш жана чыгыш топторго, ал эми 16-к-да чыгышы түндүк, түштүк деп бөлүнгөн. Түндүк М. 16-к-дан Моңгол Респ-нын аймагына отурукташып, халха (учурда калктын 80% ин түзөт) деп аталышкан. Түштүк М. Ички Моңголиянын райондоруна жайгашып, КЭР моңголдорунун курамына кирген. Батыш М. (ойроттор) 17-18-к-дын ортосунда Жуңгар хандыгын түзгөн; алардын тукумдары КЭР жана Россия калмактарынын, Моңгол Респ-ндагы моңголдордун курамына кошулган. Моңгол элдик революциясынан (1921) кийин ө. ж. жана маданияты өнүгүп, улуттук интеллигенциясы калыптанган. 1990-жылдан кийин М. рынок экономикасына өтүшкөн. М. көчмөн мал чарбачылык менен кесиптенишип, тегерек жана чарчы пландагы боз үйлөрдө жашаган. Улуттук кийимдери - халат сымал бычылып, жайкысын жука кездемеден, кышкысын жүндөн же териден астарланып, шырылып тигилет. Халат солдон оңго кымтыланып, жакасына жана оң капталына бүчүлөнүп, жибек кур курчалат. Халаттын ичинен көйнөк, ыштан, майрам күндөрү жеңсиз жибек бешмант кийишет. Эркектер бел кур (бычак, оттук таш,

тамеки салгыч), аялдар кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы - негизинен эт, сүт, дан, балык азыктары. Суусундук катары - сүттүү чай (кээде туз татытылат), айран, кымыз кеңири колдонулат.