МУЗЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЁЙ (грекче шизеюп - музалар храмы) - таби­гый, тарыхый, материалдык жана рухий маданият эстеликтерди топтоо, сактоо, изилдөө жана алар менен көпчүлүктү тааныштыруу иштерин жүргү­зүүчү илимий мекеме. М. экспонаттары илим менен өндүрүштүн ар түрдүү тармактарын камтыйт. эле түп нускаларды басмага даярдап, моногра­фия, каталогдор чыгарат. М. 15-16-к-да пайда болгон. 20-к-дын 70-жылдарынын башында дүйнөдө 12 миңден ашуун М. болгон. СССРде 1980-ж. 1526 М. иштеген. 1977-ж. музейлердин эл аралык кеңешинин 11-конференциясы 1978-жыл­дан 18-май - эл аралык музей күнү деп белгиле­генетикалык Кыргызстанда 10 негизги М. иштейт: Эл Дос­тугу ордендүү М. В. Фрунзенин мемориал М-и (1925, дек.); Зоол. М. (1926, июнь); Кыргыз мамлекеттик тарых М-и (1927, март); Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусство М-и (1935, 1944-жылга чейин сүрөт галереясы); Ош обл. крайлык М. (1949, май); Пржевальск крайлык М-и (1950); Н. М. Пржевальскийдин мемориал М-и (1957); Токмок крайлык-тарыхый М-и (1970, апр.); «Бурана» археол. архитектуралык М. комплекси (1976, декабрь); «Манас-Ордо» комплексиндеги «Манас» эпосунун М-и (1976, «Манас» адабий­этногр. М-и; 1988-жылдан «Манас» мамлекеттик-му­зей коругу). Кыргызстандын айрым шаарлары менен кыштактарында коомдук башталыштагы, мек­тептеринде мектеп М-лери бар.