МОТОАТКЫЧТАР АСКЕРЛЕРИ
МОТОАТКЫЧТАР АСКЕРЛЕРИ - кургактагы аскерлердин бир түрү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өнүккөн өлкөлөрдө жөө аскерлер техникалашкан транспорт, брондолгон согуш машиналары, жаңы курал-жарактар менен жабдылган. Натыйжада алардын жүрүү ылдамдыгы, сокку уруу мүмкүнчүлүгү өскөн. 1957-ж. СССР Куралдуу Күчтөрүндөгү аткыч жана механикалашкан дивизиялар мотоаткычтар дивизиясына айланган. «М. а.» деген ат 1963-ж. пайда болгон. М. а. мотоаткычтар бөлүктөрүнөн жана бирикмелеринен турат. Алардын курамына артиллерия, танк, байланыш инженердик ж. б. атайын аскер бөлүктөрү кирет. М. а. бөлүгү танк аскерлеринин жана АДФтин карамагында да болуп, авиация колдойт. Аскерлердин башка түрлөрү менен бирдикте душманга сокку уруу, аймакты басып алуу жана кармап туруу үчүн колдонулат. Чет элдик армияларда жөө аскер, моторлуу жөө аскер, механикалашкан аскерлер деп аталат.