МОТОАТКЫЧТАР АСКЕРЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОТОАТКЫЧТАР АСКЕРЛЕРИ - кургактагы аскерлердин бир түрү. Экинчи дүйнөлүк согуш­тан кийин өнүккөн өлкөлөрдө жөө аскерлер тех­никалашкан транспорт, брондолгон согуш ма­шиналары, жаңы курал-жарактар менен жабдыл­ган. Натыйжада алардын жүрүү ылдамдыгы, сокку уруу мүмкүнчүлүгү өскөн. 1957-ж. СССР Куралдуу Күчтөрүндөгү аткыч жана механикалаш­кан дивизиялар мотоаткычтар дивизиясына ай­ланган. «М. а.» деген ат 1963-ж. пайда болгон. М. а. мотоаткычтар бөлүктөрүнөн жана бирик­мелеринен турат. Алардын курамына артилле­рия, танк, байланыш инженердик ж. б. атайын аскер бөлүктөрү кирет. М. а. бөлүгү танк аскерлери­нин жана АДФтин карамагында да болуп, авиа­ция колдойт. Аскерлердин башка түрлөрү менен бирдикте душманга сокку уруу, аймакты басып алуу жана кармап туруу үчүн колдонулат. Чет элдик армияларда жөө аскер, моторлуу жөө ас­кер, механикалашкан аскерлер деп аталат.