МЕНЧИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕНЧИК - материалдык байлыкты, баарыдан мурда өндүрүш каражаттарын ээлөөнүн форма­сы. Айрым экономикалык объектилердин юридикалык жеке адамдарга жана жактарга таандыктыгы; ээлик кылуу, пайдалануу, буйрук берүү, баалуулук­тарды жеке менчикке айландыруу аркылуу жүргөн коомдук мамилелер жыйындысы. Бул - айрым адамдын, топтордун, мамлекет ортосун­да коомдун байлыгынын бөлүштүрүлүшү. М. мазмуну жана формасы боюнча өндүргүч күчтөрдүн деңгээлине жана абалына жараша түрдүү коомдо (алгачкы, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капита­листтик ж. б.) ар кандай болот. М. объектиси катары түркүн экономикалык объектилер эсептелинет. М. жеке, коллективдүү, муниципиалдык, мамлекеттик ж. б. болуп бөлүнөт.