МЕНЧИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЕНЧИК - материалдык байлыкты, баарыдан мурда өндүрүш каражаттарын ээлөөнүн формасы. Айрым экономикалык объектилердин юридикалык жеке адамдарга жана жактарга таандыктыгы; ээлик кылуу, пайдалануу, буйрук берүү, баалуулуктарды жеке менчикке айландыруу аркылуу жүргөн коомдук мамилелер жыйындысы. Бул - айрым адамдын, топтордун, мамлекет ортосунда коомдун байлыгынын бөлүштүрүлүшү. М. мазмуну жана формасы боюнча өндүргүч күчтөрдүн деңгээлине жана абалына жараша түрдүү коомдо (алгачкы, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик ж. б.) ар кандай болот. М. объектиси катары түркүн экономикалык объектилер эсептелинет. М. жеке, коллективдүү, муниципиалдык, мамлекеттик ж. б. болуп бөлүнөт.