МЕХИКО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕХИКО (Мецсо, Мехгсо), Мехико-СитиМексиканын борбору (1821-жылдан), шаар. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Мексика тайпак тоосунун түштүгүндө, тоо арасындагы өрөөндө, деңиз деңгээлинен 2234 м бийикте чачыранды жайгашкан. М-ну бардык жагынан тоо курчап турат. Өзүнчө администрациялык бирдикти (федерация округун) түзөт. Калкы 8,5 миллион (2010; Чоң Мехико шаар агломерациясында 23,6 миллион). Калкынын саны боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Жолдор тоому. Климаты субтропиктик. Январдын орт. температурасы 11,5°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 750 мм. Абанын өтө булгангандыгына байланыштуу шаардын үстүндө дайыма боз түшүп турат. Шаардын экол. абалы жылдан-жылга тездик менен начарлоодо. Жер титирөө жана чаңдуу бороон (1985-жылы эң катуу бүлгүнгө учураткан) тез-тез болуп турат. М. испаниялык баскынчылар талкалаган Теночтитлан ш-нын ордуна испандар тарабынан 1521-жылы негиздеген. 1821-жылдан көз карандысыз Мексиканын борбору. 1847- 48-ж. АКШ, 1863-67-ж. француздар, 1910-17-ж. Мексика революциясынын учурунда дыйкандардын
партизан отряддары ээлеген. 20-к-дан Мексика мамлекетинин эң маанилүү саясий жана экономикалык борбору. 2-дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин ө. ж. тармагынын пайда болушу М-нын тездик менен өнүгүшүн шарттаган. М-нун тарыхый борборун Пласа де ла Конститусьон же Сокало аянты, Чапультепек паркы түзөт. Тамак-аш-татымал, текстиль, тигүү, бут кийим, фармацевтика, полигр., электр-техникалык, автомобиль кураштыруу, металл иштетүү жана цемент ө. ж. ишканалары иштейт. Улуттук ИА, университеттер (анын ичинде Латын Америкасындагы эң ири автономия университети; 1551), китепканалар, консерватория, театрлар (анын ичинде опера жана балет), комедия үйү (1597), алгачкы «Колисео» туруктуу калк театры (1673)], 150дөн ашык музей (улуттук антропология, маданият, «Полифорум Сикейрос», заманбап искусство ж. б.), обсерватория бар. М. - архитектуралык эстеликтер менен музейлер шаары. Шаарда 10 архитектуралык парк, байыркы пирамидалар (биздин заманга чейинки 450-ж. чен), улуттук кафедралуу собор (15-16-кылым), көптөгөн коомдук курулуштар, чиркөөлөр, монастырлар (16- 19-кылым) сакталган. Ацтектердин байыркы курулмалары өзгөчө кызыгууну туудурат. Заманбап архитектуралык комплекстер (Д. Риверанын, X. К. Оросконун, Сикейростун сүрөттөрү жана мозаикалары менен кооздолгон), университет шаарчасы (1949-54), олимпия оюндары өткөрүлчү стадиондор [1951-53; 20дан ашык, анын ичинде «Ацтека» (1968)] курулган. 1968-жылы Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Жер астындагы сууну көп пайдалангандыктан, М-нун айрым бөлүктөрү чөгүүдө. Жыл сайын фестивалдар (кино, театр, бий) жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм (күнүнө 10296 киши түнөп өтөт) өнүккөн.

