МЕХИКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕХИКО (Мецсо, Мехгсо), Мехико-Сити­Мексиканын борбору (1821-жылдан), шаар. Өл­көнүн борбордук бөлүгүндө, Мексика тайпак тоосу­нун түштүгүндө, тоо арасындагы өрөөндө, деңиз деңгээлинен 2234 м бийикте чачыранды жайгашкан. М-ну бардык жагынан тоо курчап турат. Өзүнчө администрациялык бирдикти (федерация округун) түзөт. Кал­кы 8,5 миллион (2010; Чоң Мехико шаар агломера­циясында 23,6 миллион). Калкынын саны боюнча дүй­нөдө алдынкы орунда. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Жолдор тоому. Клима­ты субтропиктик. Январдын орт. температурасы 11,5°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 750 мм. Абанын өтө булгангандыгына байла­ныштуу шаардын үстүндө дайыма боз түшүп ту­рат. Шаардын экол. абалы жылдан-жылга тез­дик менен начарлоодо. Жер титирөө жана чаңдуу бороон (1985-жылы эң катуу бүлгүнгө учураткан) тез-тез болуп турат. М. испаниялык баскынчы­лар талкалаган Теночтитлан ш-нын ордуна ис­пандар тарабынан 1521-жылы негиздеген. 1821-жыл­дан көз карандысыз Мексиканын борбору. 1847- 48-ж. АКШ, 1863-67-ж. француздар, 1910-17-ж. Мексика революциясынын учурунда дыйкандардын

Шаардын-борбордук аянты - Сокало.

Мехикодогу жер үстүндөгү метрополитен.

партизан отряддары ээлеген. 20-к-дан Мексика мамлекетинин эң маанилүү саясий жана экономикалык бор­бору. 2-дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин ө. ж. тармагынын пайда болушу М-нын тездик менен өнүгүшүн шарттаган. М-нун тарыхый борборун Пласа де ла Конститусьон же Сокало аянты, Чапультепек паркы түзөт. Тамак-аш-татымал, текстиль, тигүү, бут кийим, фармацевтика, по­лигр., электр-техникалык, автомобиль кураштыруу, металл иштетүү жана цемент ө. ж. ишканалары иштейт. Улуттук ИА, университеттер (анын ичинде Латын Аме­рикасындагы эң ири автономия университети; 1551), китепканалар, консерватория, театрлар (анын ичинде опера жана балет), комедия үйү (1597), алгачкы «Колисео» туруктуу калк театры (1673)], 150дөн ашык музей (улуттук антропология, маданият, «По­лифорум Сикейрос», заманбап искусство ж. б.), об­серватория бар. М. - архитектуралык эстеликтер менен музейлер шаары. Шаарда 10 архитектуралык парк, байыркы пирамидалар (биздин заманга чейинки 450-ж. чен), улут­тук кафедралуу собор (15-16-кылым), көптөгөн коом­дук курулуштар, чиркөөлөр, монастырлар (16- 19-кылым) сакталган. Ацтектердин байыркы ку­рулмалары өзгөчө кызыгууну туудурат. За­манбап архитектуралык комплекстер (Д. Риверанын, X. К. Оросконун, Сикейростун сүрөттөрү жана мо­заикалары менен кооздолгон), университет шаарчасы (1949-54), олимпия оюндары өткөрүлчү ста­диондор [1951-53; 20дан ашык, анын ичинде «Ацтека» (1968)] курулган. 1968-жылы Олимпия оюндары өт­көрүлгөн. Жер астындагы сууну көп пайдалан­гандыктан, М-нун айрым бөлүктөрү чөгүүдө. Жыл сайын фестивалдар (кино, театр, бий) жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм (күнүнө 10296 киши түнөп өтөт) өнүккөн.