МАМЫРОВ Эрнес: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАМЫРОВ Эрнес (7. 11. 1941-жылы туулган, Бишкек ш.) - геолог, геология-минералогия илимий доктору (1991), профессор (1995). Москвадагы И. М. Губкин атындагы Нефть-химия жана газ ө. ж. институтун бүтүргөн (1965). Кыргыз ССР ИАнын Геол. интунда инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1966-74), ФПИде кафедра жетекчиси (1975), «Кыргызмамсуучарба» долбоорлоо институтунда башкы геолог (1976-86), КР УИАнын Сейсмология институтунда лабор. башчысы, директордун илимий иштери боюнча орун басары (1986-2003). 2003-жылдан ушул институтутта лабор. жетекчиси жана 1996- жылдан КРСУда профессор Ал - ЮОдөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын ж. б. автору. Илимий эмгектери негизинен геохимия, геофизика, гидрогеология, катуу заттардын физикасы жана физикалык химияга, ошондой эле жер титирөөнү алдын ала айтуу маселесине арналган. Кыргызстандын аймагын комплекстүү сейсмикалык микрорайондоштурууга жана алардын карталарын түзүүгө активдүү катышкан.
Эмг.: Дифференциация наиболее распространенных веществ литосферы по удельной энергии атомизации. Ф., 1989; Современная геодинамика литосферы ТяньШаня (в соавторстве). М., 1991; Проектирование зданий и сооружений в сейсмических районах (в соавторстве). Б., 1996.