МАМЫРОВ Эрнес

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЫРОВ Эрнес (7. 11. 1941-жылы туулган, Биш­кек ш.) - геолог, геология-минералогия илимий док­тору (1991), профессор (1995). Москвадагы И. М. Губ­кин атындагы Нефть-химия жана газ ө. ж. институтун бүтүргөн (1965). Кыргыз ССР ИАнын Геол. ин­тунда инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1966-74), ФПИде кафедра жетекчиси (1975), «Кыргызмамсуучарба» долбоорлоо институтунда баш­кы геолог (1976-86), КР УИАнын Сейсмология институтунда лабор. башчысы, директордун илимий иш­тери боюнча орун басары (1986-2003). 2003-жыл­дан ушул институтутта лабор. жетекчиси жана 1996- жылдан КРСУда профессор Ал - ЮОдөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын ж. б. автору. Илимий эмгектери негизинен геохимия, геофизика, гидрогеология, катуу заттардын физикасы жана физикалык химияга, ошондой эле жер титирөөнү алдын ала айтуу маселесине арналган. Кыргызстандын айма­гын комплекстүү сейсмикалык микрорайондош­турууга жана алардын карталарын түзүүгө ак­тивдүү катышкан.

Эмг.: Дифференциация наиболее распространенных веществ литосферы по удельной энергии атомизации. Ф., 1989; Современная геодинамика литосферы Тянь­Шаня (в соавторстве). М., 1991; Проектирование зданий и сооружений в сейсмических районах (в соавторстве). Б., 1996.