МАМАТКАНОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска
МАМАТКАНОВ Дүйшөн (7. 11. 1934-жылы т„ азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - техника илимдеринин доктору (1980), КР УИАнын академиги (2000;~корр. мүчөсү, 1987), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1994). КМУну (1956), СССРдин Сибирь бөлүмүнүн Сибирь энергетикалык институтунун аспирантурасын (1964, Иркутск ш.) бүтүргөн. Орто мектепте мугалим

(1956), КРдин Энергетика жана суу чарба институтунда кенже илимий кызматкер (1957- 61), СССРдин Энергетика жана электрлештирүү министрлигинин Кыргызстандагы Энергетика илимий из. бөлүмүндө гидроэнергетика тобун, кийин гидроэнергетика лабор-сын, 1964-81 комплекстүү суу-энергетика проблемалары лабор-сын жетектеген. 1981-92-жылы Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунда сууну көп жылдык алдын ала билүү жана жөнгө салуу ыкмалары лабор-сынын башчысы, 1983- 87-жылы Кыргыз ССР ИАнын партиялык комитетинин секретары болуп иштеген. 1992-жылдан КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору. Инженердик гидрология жана суу ресурстарын башкаруу боюнча адис. 200гө жакын илимий эмгеги, анын ичинде 9 монографиясы жарык көргөн. Алардын көпчүлүгү гидрология, гидроэнергетика, суу ресурстарын эл чарбасында комплекстүү пайдалануу, Ысык-Көл жана Арал проблемаларына арналган. II жана III даражадагы Манас ордендери жана Данк медалы менен сыйланган.
Эмг.: Обобщенный приём расчета многолетнего регулирования стока. Ф., 1967; Экономический механизм управления трансграничными водными ресурсами и основные положения стратегии межгосударственного вододеления. Б., 2000.