МАМАТКАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАТКАНОВ Дүйшөн (7. 11. 1934-жылы т„ азыр­кы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Даркан айы­лы) - техника илимдеринин доктору (1980), КР УИА­нын академиги (2000;~корр. мүчөсү, 1987), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1994). КМУну (1956), СССРдин Сибирь бөлүмүнүн Сибирь энергети­калык институтунун аспирантурасын (1964, Ир­кутск ш.) бүтүргөн. Орто мектепте мугалим

(1956), КРдин Энергетика жана суу чарба институтунда кен­же илимий кызматкер (1957- 61), СССРдин Энергетика жана электрлештирүү ми­нистрлигинин Кыргызстандагы Энергетика илимий из. бөлүмүн­дө гидроэнергетика тобун, кийин гидроэнергетика ла­бор-сын, 1964-81 комп­лекстүү суу-энергетика про­блемалары лабор-сын жетектеген. 1981-92-жылы Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунда суу­ну көп жылдык алдын ала билүү жана жөнгө салуу ыкмалары лабор-сынын башчысы, 1983- 87-жылы Кыргыз ССР ИАнын партиялык комитетинин секре­тары болуп иштеген. 1992-жылдан КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту­нун директору. Инженердик гидрология жана суу ресурс­тарын башкаруу боюнча адис. 200гө жакын илимий эм­геги, анын ичинде 9 монографиясы жарык көргөн. Алар­дын көпчүлүгү гидрология, гидроэнергетика, суу ресурстарын эл чарбасында комплекстүү пайда­лануу, Ысык-Көл жана Арал проблемаларына ар­налган. II жана III даражадагы Манас ордендери жана Данк медалы менен сыйланган.

Эмг.: Обобщенный приём расчета многолетнего регу­лирования стока. Ф., 1967; Экономический механизм управления трансграничными водными ресурсами и основные положения стратегии межгосударственного вододеления. Б., 2000.