МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИ.З: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИ.З - математиканын функцияны диференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдүн методдору менен изилдөөчү бөлүмү. М. а. функцияны пределдер методдору менен да изилдейт. М. а. курсун фр. илимпоз О. Коши предел түшүнүгү боюнча негиздеген. М. а-ге матема­тиканын дифференциал эсептөөлөр, интеграл эсептөөлөр, чыныгы өзгөрмөлүү функциялар теориялары, кадимки жана айрым туундулуу дифференциал теңдемелер теориялары, интег­ралдык теңдемелер теориясы, жакындаштыруу теориясы, дифференциал геометрия ж. б. кирет. Азыркы сандар теориясы жана ыктымалдык тео­риясы да М. а-дин методдорун колдонуу менен өркүндөтүлүп жатат. Классикалык М. а-дин нагыз уландысы - функциялык анализ. Ага вариациялык эсептөө жана интегралдык тенде­мелер теориялары да кирет.

Ад.: Ильин В. А„ Позняк Э. Г. Основы математи­ческого анализа. В 2 ч. М., 2004; Кудрявцев Л. Д. Курс математического анализа. 3-е изд.: В 3 ч. М., 2008.