МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИ.З
МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИ.З - математиканын функцияны диференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдүн методдору менен изилдөөчү бөлүмү. М. а. функцияны пределдер методдору менен да изилдейт. М. а. курсун фр. илимпоз О. Коши предел түшүнүгү боюнча негиздеген. М. а-ге математиканын дифференциал эсептөөлөр, интеграл эсептөөлөр, чыныгы өзгөрмөлүү функциялар теориялары, кадимки жана айрым туундулуу дифференциал теңдемелер теориялары, интегралдык теңдемелер теориясы, жакындаштыруу теориясы, дифференциал геометрия ж. б. кирет. Азыркы сандар теориясы жана ыктымалдык теориясы да М. а-дин методдорун колдонуу менен өркүндөтүлүп жатат. Классикалык М. а-дин нагыз уландысы - функциялык анализ. Ага вариациялык эсептөө жана интегралдык тендемелер теориялары да кирет.
Ад.: Ильин В. А„ Позняк Э. Г. Основы математического анализа. В 2 ч. М., 2004; Кудрявцев Л. Д. Курс математического анализа. 3-е изд.: В 3 ч. М., 2008.