МАКАРОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАКАРОВ Владимир Петрович (17.1. 1944-жылы туулган, РСФСР, Свердлов обл., Карпинск ш.) - физикаматематика илимдеринин доктору (2001), техника илимдеринин доктору (2007), проф. (2004). Томск мамлекеттик университетин (1969), Воронеж политехника институтунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР ИА ФИде инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1971-90), 1990-жылдан лабор. башчысы. 2001-жылдан ошол эле жерде Маркетинг жана инновация (жаңылануу) башкармалыгынын башчысы. ФИде лабор. башчысы (2004- 06), 2006-жылдан башкы илимий кызматкер, ошол эле учурда КРСУда проф. Конденсацияланган абал, композициялык материалдар, наноматериалдар боюнча адис. ЮОдөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн. 4 патент жана автордук күбөлүктүн ээси.
Эмг.: Закономерности развития сложных систем. Л., 1980; Влияние качества поверхности частиц на кинетику реакционного спекания нитрида кремния. Екатеринбург, 2005.