МАКАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКАРОВ Владимир Петрович (17.1. 1944-жылы туулган, РСФСР, Свердлов обл., Карпинск ш.) - физика­математика илимдеринин доктору (2001), техника илимдеринин доктору (2007), проф. (2004). Томск мамлекеттик университетин (1969), Воронеж политехника институтунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР ИА ФИде инженер, кенже, улук илимий кызматкер (1971-90), 1990-жылдан лабор. башчысы. 2001-жылдан ошол эле жерде Марке­тинг жана инновация (жаңылануу) башкармалы­гынын башчысы. ФИде лабор. башчысы (2004- 06), 2006-жылдан башкы илимий кызматкер, ошол эле учурда КРСУда проф. Конденсацияланган абал, композициялык материалдар, наномате­риалдар боюнча адис. ЮОдөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн. 4 патент жана автордук күбөлүктүн ээси.

Эмг.: Закономерности развития сложных систем. Л., 1980; Влияние качества поверхности частиц на кинетику реакционного спекания нитрида кремния. Екатеринбург, 2005.