МАЙЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАЙЯ - Белис, Сальвадор, Гондурастын батыш аймактарында, Гватемалада, Түштүк Мексикада (Чьяпас, Кампече, Юкатан, Кинтана-Роо жана Табаско) жашаган индей элдеринин тобу. Саны 7 миллион киши (2012). Майя-киче уясындагы тил­де, бир аз бөлүгү испанча сүйлөйт. Дини като­лик, христиан динине чейинки ишенимдердин калдыгы да сакталган. М-лар - байыркы Майя цивилизациясын түзгөн элдердин тукумдары. М-лар биздин заманга чейинки Ламанай (Белиз), Эль-Мирадор

жана Накбе (Гватемала), биздин замандын Теотиуакан, Ти­каль, Чичен-Ица, Ушмаль, Коба ж. б. сыяктуу ЮОдөн ашык таш имараттуу шаарларды куруш­кан. М. шаарларында кол өнөрчүлүк, соода-са­тык өнүгүп, искусствосу жана архитектурасы дүркүрөп өскөн. Математика, медицина, астрономиядан түшүнүгү болуп, өздөрүнүн жашоосунда иерог­лиф жазмасын (к. Майя жазуусу) колдонуш­кан. М-лардын дыкаттык менен иштеп чыккан календарын Борбордук Американын башка элдери

Майя календары.

да пайдаланган. Бирок испандардын басып алышынан улам (16-к.) М-дын байыркы мад­ты кыйраган. М-лардын кээ бир шаарлары жана объектилери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизме­сине кирген: Мексикадагы Ушмаль, Чичен-Ица, Паленке, Гватемаладагы Тикаль жана Киригуа, Гондурастагы Копан, Сальвадордогу Хойя-де­Серен. 20-к-дын 80-жылдарында Майя маданияты­нын ЮООдей шаар, ЗОООдей шаар тибиндеги ту­рак жайларынын урандылары табылган.