МАЙЯ
МАЙЯ - Белис, Сальвадор, Гондурастын батыш аймактарында, Гватемалада, Түштүк Мексикада (Чьяпас, Кампече, Юкатан, Кинтана-Роо жана Табаско) жашаган индей элдеринин тобу. Саны 7 миллион киши (2012). Майя-киче уясындагы тилде, бир аз бөлүгү испанча сүйлөйт. Дини католик, христиан динине чейинки ишенимдердин калдыгы да сакталган. М-лар - байыркы Майя цивилизациясын түзгөн элдердин тукумдары. М-лар биздин заманга чейинки Ламанай (Белиз), Эль-Мирадор
жана Накбе (Гватемала), биздин замандын Теотиуакан, Тикаль, Чичен-Ица, Ушмаль, Коба ж. б. сыяктуу ЮОдөн ашык таш имараттуу шаарларды курушкан. М. шаарларында кол өнөрчүлүк, соода-сатык өнүгүп, искусствосу жана архитектурасы дүркүрөп өскөн. Математика, медицина, астрономиядан түшүнүгү болуп, өздөрүнүн жашоосунда иероглиф жазмасын (к. Майя жазуусу) колдонушкан. М-лардын дыкаттык менен иштеп чыккан календарын Борбордук Американын башка элдери
да пайдаланган. Бирок испандардын басып алышынан улам (16-к.) М-дын байыркы мадты кыйраган. М-лардын кээ бир шаарлары жана объектилери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген: Мексикадагы Ушмаль, Чичен-Ица, Паленке, Гватемаладагы Тикаль жана Киригуа, Гондурастагы Копан, Сальвадордогу Хойя-деСерен. 20-к-дын 80-жылдарында Майя маданиятынын ЮООдей шаар, ЗОООдей шаар тибиндеги турак жайларынын урандылары табылган.
