МАДАЗИМОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАДАЗИМОВ Болуш [22. 7. 1927, азыркы Ош обл., Кара-Суу району, Кыргыз-Чек (мурдагы Лаг­лан) айылы - 1.2. 2002, ошол эле жер] - ко-

музчу, КРдин эл арт. (1991), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1989). Ош обл. кыргыз драма театрында, Жалал-Абад элдик теат­рында (1954-62), 1962-жыл­дан өмүрүнүн акырына че­йин туулуп-өскөн айлында­гы орто мектепте музыка мугалими, клуб башчысы болуп эмгектенген. Кыргыз улуттук телерадиосунун алтын казынасына ко­музчулар Токтогул, Карамолдо, Ныязаалы, Кор­гол, Ыбырайдын күүлөрүн жана ЮОгө жакын эл­дик күүлөрдү жаздырган. Анда «Саринжи, Бө­көй», «Солтон Сары», «Бекарстан», «Бала баа-

Б. Мадазимов шакирттери менен.

тыр Курманбек», «Аксаткын менен Кулмырза» аттуу күүлөр да бар. Корголдун «Ак бакай» ат­туу обонун кара күү түрүндө иштеп чыккан. Респ-када алгачкылардан болуп комузчулардын үй-бүлөлүк ансамблин уюштурган. 1976-жылдан ансамбль - ЭлДик комузчулар ансамбли деп аталган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана Даңк медалы менен сыйланган.