МАДАЗИМОВ Болуш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(«МАДАЗИМОВ‎»‎ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДАЗИМОВ Болуш [22. 7. 1927, азыркы Ош обл., Кара-Суу району, Кыргыз-Чек (мурдагы Лаг­лан) айылы - 1.2. 2002, ошол эле жер] - комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1989). Ош облустук кыргыз драма театрында, Жалал-Абад элдик теат­рында (195419-62), 1962-жыл­дан өмүрүнүн акырына че­йин туулуп-өскөн айлында­гы орто мектепте музыка мугалими, клуб башчысы болуп эмгектенген.

МАДАЗИМОВ Болуш

Кыргыз улуттук телерадиосунун алтын казынасына ко­музчулар Токтогул, Карамолдо, Ныязаалы, Кор­гол, Ыбырайдын күүлөрүн жана 100гө жакын эл­дик күүлөрдү жаздырган. Анда «Саринжи, Бө­көй», «Солтон Сары», «Бекарстан», «Бала баатыр Курманбек», «Аксаткын менен Кулмырза» аттуу күүлөр да бар.

Б. Мадазимов шакирттери менен.

Корголдун «Ак бакай» ат­туу обонун кара күү түрүндө иштеп чыккан. Республикада алгачкылардан болуп комузчулардын үй-бүлөлүк ансамблин уюштурган. 1976-жылдан ансамбль - Элдик комузчулар ансамбли деп аталган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана Даңк медалы менен сыйланган.