МАЗИНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЗИНА Жульетта (өз аты-жөнү - Жулия Анна) (22. 2. 1921, Болоньяга жакын, Сан-Жоржо-ди-Пьяно - 23. 3. 1994, Рим, сөөгү Риминиге коюлган) - итал. киноактриса. Реж. Ф. Феллининин аялы. Рим университетинин филология факультетин бүткөн (1943). Окуучу

жана студент кезинде ар кандай театрларда М. ырчы, бийчи, скрипкачы жана драмалык актриса катары күчүн сынаган. Жаш сүрөтчү жана фельетончу Ф. Феллини жазган радиоберүүлөргө катышуу менен экөөнүн жарым кылымдык чыгармачылык өзгөчө союзу башталган. Мененын чыгармачылыгынын лиризм менен гротескти, терең психологизм менен «күлкүлүү» көрүнүштөрдү айкалыштыра алган өзгөчөлүгү Феллининин фильмдеринде толук жана кенири ачылган жана неореализмден кийинки мезгилдин символуна айландырган: Жельсомина - «Жол» (СССРде «Алар да жолдо жүрүшкөн» деп аталган; Кабирия - «Кабириянын түндөрү» (Канныдагы, Сан-Себастьяндагы ЭКФтердин сыйл.). Актриса ошондой эле. Ф. Фелинин «Варьете оттору», «Ак шейх», «Жульетта жана атыр», «Кесеп», «Жинжер менен Фред» «Европа-51», «Чоңшаар четинде», «Фортунелла» ж. б. фильмдерге тартылган.
Ад.: Феллини Ф. Делать фильм. М., 1984.