ЛЮКСЕМБУРГ (мамлекет): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛЮКСЕМБУРГ - Чүй облусу Ысык-Ата р-нун­дагы кыштак. Люксембург айыл аймагына ка­раштуу. Бишкек - Каракол автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 742 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кант ш-нан 2 км батыш тарапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 4548 (2007); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепканалар, бала бакча, маданият үйү, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамак­тануучу жайлар иштейт. Немис, поляк жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери Р. Люксембургдун ысмынан аталган.