ЛЮКСЕМБУРГ (мамлекет)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛЮКСЕМБУРГ - Чүй облусу Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Люксембург айыл аймагына караштуу. Бишкек - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 742 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кант ш-нан 2 км батыш тарапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 4548 (2007); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепканалар, бала бакча, маданият үйү, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. Немис, поляк жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери Р. Люксембургдун ысмынан аталган.