«ЛИТЕРАТУРНАЯ ГАЗЕТА»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

«ЛИТЕРАТУРНАЯ ГАЗЕТА» - адабий басыл­ма. Мурдагы СССР жазуучулар союзунун баш­кармасынын органы (1934-жылдан). 1929-жыл­дан бери үзгүлтүксүз чыгат. 1934-жылы чейин Советтик жазуучулар бирикмелеринин федерациясынын органы болгбй. 1942-44-ж. «Литература и ис­кусство» (СССР жазуучулар союзунун, СССР ЭКСтин Искусство, кинематография иштери боюнча комитеттеринин органы) деп аталган. 1947-жылы ада­бий, коомдук саясий гезитке (жумасына эки, 1950-жылдан үч ирет чыккан, 1967-жылдан жу­малык гезит) айланган. Анда адабий сын, публицистикалык, көркөм чыгармалардан үзүндү, экономика, со­циология ж. б. маселелер боюнча макалалар жа­рыяланат. Ошондой эле эл аралык абалга да көп көңүл бөлүнөт. Ленин ордени менен сыйланган (1971). Тиражы 2 550 миң (2009).