«ЛИТЕРАТУРНАЯ ГАЗЕТА»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ЛИТЕРАТУРНАЯ ГАЗЕТА» - адабий басылма. Мурдагы СССР жазуучулар союзунун башкармасынын органы (1934-жылдан). 1929-жылдан бери үзгүлтүксүз чыгат. 1934-жылы чейин Советтик жазуучулар бирикмелеринин федерациясынын органы болгбй. 1942-44-ж. «Литература и искусство» (СССР жазуучулар союзунун, СССР ЭКСтин Искусство, кинематография иштери боюнча комитеттеринин органы) деп аталган. 1947-жылы адабий, коомдук саясий гезитке (жумасына эки, 1950-жылдан үч ирет чыккан, 1967-жылдан жумалык гезит) айланган. Анда адабий сын, публицистикалык, көркөм чыгармалардан үзүндү, экономика, социология ж. б. маселелер боюнча макалалар жарыяланат. Ошондой эле эл аралык абалга да көп көңүл бөлүнөт. Ленин ордени менен сыйланган (1971). Тиражы 2 550 миң (2009).