ЛЕНД-ЛИЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||

ЛЕНД-ЛИЗ (англ. |
ЛЕНД-ЛИЗ (англ. lend карыз берүү - жана - lease ижарага берүү) - экинчи дүйнөлүк согуш убагында АКШнын жардам иретинде союздаштарына (антигитлердик) курал-жарак, ок-дары, стратегиялык сырьё, техника, азык-түлүк ж. б-ды карызга же ижарага берүү системасы. Л.-л. системасын түзүүнү АКШ президенти Ф. Д. Рузвельт сунуштап, Л.-л. жөнүндө мыйзамды АКШнын конгресси 1941-ж. 11-мартта кабыл алган. Алгач жардам берүү мөөнөтү 1943-жылдын 30-июнуна чейин бекитилип, согуштун узарышына байланыштуу 1946-жылдын 30-июнуна чейин жыл сайын кошумчаланып турган. 1945-ж. 21-августта АКШ өкмөтү Л.-л. боюнча жардам берүүнү токтотуу жөнүндө билдирген (ошол эле мезгилде гоминьдандык Кытайга жардам берүү дагы беш жылга узартылган). 1941-жылдын 11-мартынан - 1945-жылдын аягына чейин Л.-л. боюнча АКШнын чыгымы 50,1 миллиард (2008-жылга карата 610 миллиард) долларга жеткен. Л.-л. боюнча АКШнын берген жардамы негизинен Улуу Вританияда 31,4, Францияда 3,2, Кытайда 1,6, СССРде 11,3 (2008-жылга карата 138 миллиард) миллиард долларды түзгөн. Өз кезегинде АКШ союздаш мамлекеттерден 7,8 миллиард доллар суммасындагы ар кандай товарларды алган. Согуш убагында Л.-л. боюнча жардам берүүнүн натыйжасында АКШнын өндүрүшү кеңейип, өкмөттүк тапшырмаларды аткаруунун эсебинен монополиялар байыган. Согуш бүткөндөн кийин АКШ Л.-л. системасын пайдаланган жана аны менен байланышкан маселелерди жөнгө салуунун эсебинен көптөгөн Европа жана Азия мамлекеттерине экономикалык жана саясий таасирин тийгизген. Америкалык расмий билдирүүлөр боюнча 1945-жылдын сентябрь айын-

[[File:ЛЕНД-ЛИЗ_1.jpg|thumb|Россия үчүн атайын жасалган англиялык танктар.]]

да СССРге АКШдан 14450 самолёт, 7000 танк, 427 миң автомобиль, 8218 зениттик курал, 131600 пулемёт; Улуу Британиядан 3384 самолёт жана танк; Канададан 1188 танк жөнөтүлгөн. Л.-л. боюнча СССР АКШдан куралдан сырткары транспорт каражаттарын жана азык-түлүк ж. б. алган. 1947-, 1960- жана 1970-жылдары Л.-л. боюнча эсептешүү жөнүндө СССР менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, СССР АКШдан алган мүлктөрдүн (мисалы, деңиз кемелерин) жарымын кайтарып берген, бирок эки тарап тең компенсациянын көлөмү жөнүндө маселе боюнча бир чечимге келе алышкан эмес. АКШ башка өлкөлөргө (мисалы, Улуу Британия) салыштырмалуу СССРден көбүрөөк суммада - 1,3 миллиард доллар сураган. Ошондой эле америкалык өкмөт СССР менен АКШнын ортосунда соода жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө маселелерди чечүүдөн баш тарткан. 1990-жылдары эки мамлекеттин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, СССРдин Л.-л. боюнча карызы 2030-ж. чейин төлөнмөк болуп, жалпы сумма 674 миллион долларды түзгөн. 1992-жылдан СССРдин карызы РФке жүктөлгөн.

Ад.: ПаперноА. Л. Ленд-лиз. Тихий океан. М., 1998; Краснов В. Н., Краснов Н. В. Ленд-лиз для СССР: 1941-1945. М., 2008. К. Алымкулов.

[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска