ЛЕНД-ЛИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНД-ЛИЗ (англ. 1еп<1 карыз берүү - жана - 1еазе ижарага берүү) - экинчи дүйнөлүк согуш уба­гында АКШнын жардам иретинде союздаштары­на (антигитлердик) курал-жарак, ок-дары, стра­тегиялык сырьё, техника, азык-түлүк ж. б-ды карызга же ижарага берүү системасы. Л.-л. сис­темасын түзүүнү АКШ президенти Ф. Д. Рузвельт сунуштап, Л.-л. жөнүндө мыйзамды АКШнын кон­гресси 1941-ж. 11-мартта кабыл алган. Алгач жардам берүү мөөнөтү 1943-жылдын 30-июнуна чейин бекитилип, согуштун узарышына байла­ныштуу 1946-жылдын 30-июнуна чейин жыл сайын кошумчаланып турган. 1945-ж. 21-ав­густта АКШ өкмөтү Л.-л. боюнча жардам берүүнү токтотуу жөнүндө билдирген (ошол эле мезгилде го­миньдандык Кытайга жардам берүү дагы беш жылга узартылган). 1941-жылдын 11-марты­нан - 1945-жылдын аягына чейин Л.-л. боюнча АКШнын чыгымы 50,1 миллиард (2008-жылга карата 610 миллиард) долларга жеткен. Л.-л. боюнча АКШнын берген жардамы негизинен Улуу Вританияда 31,4, Францияда 3,2, Кытайда 1,6, СССРде 11,3 (2008-жылга карата 138 миллиард) миллиард долларды түзгөн. Өз кезегинде АКШ союздаш мамлекеттерден 7,8 миллиард доллар суммасындагы ар кандай товарларды алган. Согуш убагында Л.-л. боюнча жардам берүүнүн натыйжасында АКШнын өндүрүшү кеңейип, өкмөттүк тапшыр­маларды аткаруунун эсебинен монополиялар байыган. Согуш бүткөндөн кийин АКШ Л.-л. системасын пайдаланган жана аны менен байла­нышкан маселелерди жөнгө салуунун эсебинен көптөгөн Европа жана Азия мамлекеттерине экономикалык жана саясий таасирин тийгизген. Америкалык расмий билдирүүлөр боюнча 1945-жылдын сентябрь айын-

Россия үчүн атайын жасалган англиялык танктар.

да СССРге АКШдан 14450 самолёт, 7000 танк, 427 миң автомобиль, 8218 зениттик курал, 131600 пулемёт; Улуу Британиядан 3384 само­лёт жана танк; Канададан 1188 танк жөнөтүл­гөн. Л.-л. боюнча СССР АКШдан куралдан сырт­кары транспорт каражаттарын жана азык-түлүк ж. б. алган. 1947-, 1960- жана 1970-жылдары Л.-л. боюнча эсептешүү жөнүндө СССР менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, СССР АКШдан алган мүлктөрдүн (мисалы, деңиз кемеле­рин) жарымын кайтарып берген, бирок эки та­рап тең компенсациянын көлөмү жөнүндө маселе боюнча бир чечимге келе алышкан эмес. АКШ баш­ка өлкөлөргө (мисалы, Улуу Британия) салыштыр­малуу СССРден көбүрөөк суммада - 1,3 миллиард дол­лар сураган. Ошондой эле америкалык өкмөт СССР менен АКШ­нын ортосунда соода жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө маселелерди чечүүдөн баш тарткан. 1990-жылдары эки мамлекеттин орто­сунда сүйлөшүүлөр жүрүп, СССРдин Л.-л. боюнча карызы 2030-ж. чейин төлөнмөк болуп, жалпы сумма 674 миллион долларды түзгөн. 1992-жылдан СССРдин карызы РФке жүктөлгөн.

Ад.: ПаперноА. Л. Ленд-лиз. Тихий океан. М., 1998; Краснов В. Н., Краснов Н. В. Ленд-лиз для СССР: 1941-1945. М., 2008. К. Алымкулов.