ЛИСТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИСТ Ференц (Франц) (22. 10. 1811, Венгрия, Доборьян кыш,- 31. 7. 1889, Германия, Байрёйт) - венгр композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Соңку романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. 1823-жылдан Парижде жа- | шап, жер кыдырып концерт бергенетикалык 1830-жылдагы Июль революциясынын жана Лион токуучуларынын козголоңунун таасири менен «Революция симфониясын» жана «Лион»
I фортепианолук I пьесасын жазган.
Кийинчерээк «Ор- (1850-55), «Фауст»

(1854-57) сыяктуу симфониялык чыгармаларды жараткан. Фортепиано үчүн жазган «Саякатчынын альбому» (1854-57), «Петрарканын үч сонети» (1839), «Өлүм бийи» (1839-59) сыяктуу өзгөчө чыгармалары, «Ыйык Елизавета жөнүндө санжыра» (1857-62), «Гран мессасы» (1855) ораториялары атагын алыска угузган. Веймарда падыша сарайында иштеп жүргөндө (1848-61) музыканттардын Веймар мектебин кураган, азатчыл көз карашын туюндурган чыгармаларды жазган. Дантенин «Ажайып комедиясына» симфония (1856), «Прелюдиялар» (1848-54) жана 12 симфониялык поэмасы буга мисал. «Си-минор сонатасы» (1853), «Сапар жылдары» (1836-77) пьеса цикли жер кезип жүргөндөгү таасирлердин негизинде жазылса, «Венгр элдик темасына фантазия» (1852), «Венгр рапсодиясы» (15 рапсодия, 1846-51) ата журт темасына арналган. Л. романс, ыр ж. б. чыгармаларында музыкалык искусствонун көркөм каражаттарын кеңири пайдаланып, фортепианолук чыгармага жаңыча баяндоо формасын кийирип, дал ушундай өрнөгү менен ал дүйнөлүк музыка искусствосуна зор таасир тийгизген.
Ад.: Мильштейн Я. Ф. Лист. 3-е изд. Т. 1-2. М., 1999.