ЛИСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИСТ Ференц (Франц) (22. 10. 1811, Венгрия, Доборьян кыш,- 31. 7. 1889, Германия, Бай­рёйт) - венгр композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Соңку романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. 1823-жыл­дан Парижде жа- | шап, жер кыды­рып концерт бер­генетикалык 1830-жылда­гы Июль революциясы­нын жана Лион то­куучуларынын козголоңунун таа­сири менен «Револю­ция симфония­сын» жана «Лион»

I фортепианолук I пьесасын жазган.

Кийинчерээк «Ор- (1850-55), «Фауст»

(1854-57) сыяктуу симфониялык чыгармаларды жарат­кан. Фортепиано үчүн жазган «Саякатчынын альбому» (1854-57), «Петрарканын үч сонети» (1839), «Өлүм бийи» (1839-59) сыяктуу өзгөчө чыгармалары, «Ыйык Елизавета жөнүндө сан­жыра» (1857-62), «Гран мессасы» (1855) орато­риялары атагын алыска угузган. Веймарда па­дыша сарайында иштеп жүргөндө (1848-61) музыканттардын Веймар мектебин кураган, азатчыл көз карашын туюндурган чыгармалар­ды жазган. Дантенин «Ажайып комедиясына» симфония (1856), «Прелюдиялар» (1848-54) жана 12 симфониялык поэмасы буга мисал. «Си-минор сона­тасы» (1853), «Сапар жылдары» (1836-77) пьеса цикли жер кезип жүргөндөгү таасирлердин не­гизинде жазылса, «Венгр элдик темасына фан­тазия» (1852), «Венгр рапсодиясы» (15 рапсодия, 1846-51) ата журт темасына арналган. Л. романс, ыр ж. б. чыгармаларында музыкалык искусствонун көркөм каражаттарын кеңири пайдаланып, фортепиа­нолук чыгармага жаңыча баяндоо формасын ки­йирип, дал ушундай өрнөгү менен ал дүйнөлүк му­зыка искусствосуна зор таасир тийгизген.

Ад.: Мильштейн Я. Ф. Лист. 3-е изд. Т. 1-2. М., 1999.