ЛИМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска

ЛИМА - Перу Респ-нын борбору. Лима депар­таментинин администрациялык борбору. Тынч океандын жээ­гинде, Римак д-нын боюнда, Анд тоосунун эте­гинде жайгашкан. Калкы 7,4 миллион (2010; шаар айланасы менен борбордук агломерациясын түзөт; кал­кы 8,3 миллион). Өлкөнүн саясий, экономикалык жана мада­ний башкы шаары. Л. аркылуу Панамерика шос­се жолу өтөт. Эл аралык аэропорту, метрополи­тен бар. Жогорку ылдамдыктагы автобус сис­темасы түзүлүүдө. 1535-ж. испандар тарабынан

Шаардын Тынч океан жактан көрүнүшү.

негизделип, алгач Сьюдад-де-лос-Рейес («корол­дор шаары») деп аталган. 1821-ж. чейин Перу вице-королдугунун, 1821-жылдын 28-июлунан Перу Респ-нын борбору. Машина куруу, тамак­аш (балык кармалып, беленделет), текстиль, нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металл иштетүү, түстүү металлургия, эмерек, курулуш материал­дар ө. ж. ишканалары иштейт. Фармацевтика (350дөн ашык тармактык ишканалары бар) өнүккөн. Л-да алдынкы улуттук банктардын, компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, музей­лер (анын ичинде археол., Перу искусствосунун маданияты, улуттук антропология жана этногр. ж. б.), китеп­каналар, театрлар, улуттук консерватория, симфониялык оркестр, ак сарайлар, чиркөөлөр, монас­тырлар (16-18-к.) бар. Эл аралык көргөзмө-яр­маркалар, бизнес-конференциялар ж. б. иш-чаралар өткөрүлүп турат.