ЛИМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИМА - Перу Респ-нын борбору. Лима депар­таментинин администрациялык борбору. Тынч океандын жээ­гинде, Римак дарыясынын боюнда, Анд тоосунун эте­гинде жайгашкан. Калкы 7,4 миллион (2010; шаар айланасы менен борбордук агломерациясын түзөт; кал­кы 8,3 миллион). Өлкөнүн саясий, экономикалык жана мада­ний башкы шаары. Лима аркылуу Панамерика шос­се жолу өтөт. Эл аралык аэропорту, метрополи­тен бар. Жогорку ылдамдыктагы автобус сис­темасы түзүлүүдө. 1535-жылы испандар тарабынан негизделип, алгач Сьюдад-де-лос-Рейес («корол­дор шаары») деп аталган.

Шаардын Тынч океан жактан көрүнүшү.

1821-жылга чейин Перу вице-королдугунун, 1821-жылдын 28-июлунан Перу Республикасынын борбору. Машина куруу, тамак-­аш (балык кармалып, беленделет), текстиль, нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металл иштетүү, түстүү металлургия, эмерек, курулуш материал­дар өнөр жай ишканалары иштейт. Фармацевтика (350дөн ашык тармактык ишканалары бар) өнүккөн. Лимада алдыңкы улуттук банктардын, компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, музей­лер (анын ичинде археология, Перу искусствосунун маданияты, улуттук антропология, этнография жана башкалар), китеп­каналар, театрлар, улуттук консерватория, симфониялык оркестр, ак сарайлар, чиркөөлөр, монас­тырлар (XVI-XVIII кылымдар) бар. Эл аралык көргөзмө-яр­маркалар, бизнес-конференциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп турат.