ЛЕНИН МАВЗОЛЕЙИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛЕНИН МАВЗОЛЕЙИ - В. И. Лениндин табыттагы сөөгү (1924-ж. 27-январь) коюлган эстелик күмбөз. Кызыл аянтта жайгашкан. 1924-ж. 26- январда Советтердин 2-съездинин аза күтүү жыйынында мавзолей куруу жөнүндө СССР БАКтын чечиминде бекитилип, 27-январга караган түнү убактылуу жыгач мавзолей (долбоору арх. А. В. Щусевдики) тургузулган да, 1-августта көпчүлүк үчүн ачылган. 1929-ж. жол башчынын сөөгүн узакка сактоо мүмкүн экендиги аныкталып, жыгач мавзолейди таш менен (арх. Щусев, И. А. Француз, Г. К. Яковлев) алмаштырууга чечим кабыл алынган. Л. менен курууга
мрамор, гранит, лабрадорит жана габронорит колдонулган. Салмагы 60 т чулу лабрадорго «ЛЕНИН» деп жазылган. Л. м. 1931-ж. курулуп бүткөн. Мавзолейдин эки жагына трибуна (арх. И. А. Француз) тургузулган. 1945-ж. борбордук трибуна (А. В. Щусев) курулуп, 1973-ж. жаңы табыт (скульптор Н. В. Томский) жасалган. 1990-ж-га чейин Л. м. мамлекеттик салтанаттарда (демонстрация, митинг, аскер парады ж. б.) өкмөт трибунасынын милдетин аткарган. 1924-ж. 26-январда Москва гарнизонунун начальнигинин буйругу менен Л. менене Ардактуу кароол уюштурулуп, СССР кулагандан кийин алынып салынган (1993). Азыркы учурда да каалагандар Ленинди көрө алышат.
